Мышык эволюциялык жактан алганда иттен жакшыраак экендигин окумуштуулар аныктады

Жазылуу
Окумуштуулар мышыктар түркүмүнө кирүүчүлөр жөн гана ар кандай шарттарга ылайыкташып жашоого көбүрөөк жөндөмдүү болбостон, иттердин 40ка жакын түрүнүн өлүп жок болушунун себепкерлери деген тыянакка келишти.

БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Эволюциялык жактан алганда мышыктар иттерге караганда бир топ көтөрүмдүү келет деп жазат The Independent швейцариялык окумуштуулардын изилдөөлөрүнө таянуу менен.

Жапайы, бирок сүйкүмдүү мышык. Жолборсту сактоонун эл аралык күнүнө карата
Ташка айланып калган байыркы калдыктардын эки миңден ашуун үлгүсүнө изилдөөлөр жүргүзүлгөн. Анда мышык түркүмүнө кирген жаныбарлар байыртан эле ит түркүмүнө кирүүчүлөргө караганда ар кандай шарттарга ылайыкташа билгендиги аныкталган. Ага ылайык, Түндүк Америкада 40тан ашуун иттин түрү мышыктардын айынан жок болуп кеткен. 

Бул мышык түркүмүнө кирүүчүлөр 20 миллион жылдай мурун Азиядан Түндүк Африкага келген мезгилде болгон. Дал ошол убактан тартып ит түркүмүнө кирүүчүлөрдүн саны кыскара баштаган. 

Анын себеби, мышыктар мыкты аңчылар болуп чыккан жана андан улам иттер тамагын тарттырып жиберип, азыксыз калган. 

"Түндүк Америкада мышыктардын пайда болушу иттердин көп түрдүүлүгүнө терс таасир тийгизген. Адатта биз түрлөрдүн эволюциясында чечүүчү ролду климаттык өзгөрүүлөр ойнойт деп келебиз. Бирок иттерге келгенде чечүүчү ролду жырткыч жаныбарлардын түрдүү түркүмдөрүнүн ортосундагы атаандаштык ойноптур", — дейт изилдөөнү жетектеген Лозанна университетинин доктору Даниэль Сильвестро.

Ошол эле учурда иттердин айынан мышыктардын кайсы бир түрү өлүп жоголду дегенге окумуштуулар эч далил табышкан эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0