Пакистанда мектепке чабуул койгондор өлүм жазасына тартылды

© flickr.com / kami raoИсламабад шаарынын жашоочулары. Архив
Исламабад шаарынын жашоочулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ЖМКлардын маалыматында өлүм жазасын берүү өкүмүн башкы аскер командачысы чыгарды.

БИШКЕК, 14-авг — Sputnik. Пакистандын аскер соту Пешавардагы мектепте жасалган чабуулга катышы бар деген алты согушкерге өлүм жазасын берди. Бул аскер адамдары берген маалыматта айтылган деп билдирет Франс Пресс агенттиги. 

Пешавардагы Хайбер-Пахтунхва провинциясындагы мектепке 2014-жылдын 16-декабрындагы кол салууда 150 адам, анын ичинен 130 окуучу курман болгон. Үрөй учурган бул кандуу окуя боюнча жоопкерчиликти "Талибан" кыймылы алган. 

"Камалгандар соттон адилет жазасын алышты, анда юридикалык бардык жол-жоболор сакталды. Террорчуларга өлүм жазасын берүү боюнча өкүмдү башкы аскер командачысы чыгарды",— деген билдирүү аскерий сайтка жарыяланган. 

Министр: Пакистан "Талибанды" көзөмөлдөбөйт, бирок диалогго аракет кылат
Билдирүүдө жетинчи согушкер да өлүм жазасына тартылгандыгы айтылат. 

Пешавардагы бул кандуу окуядан кийин өлкө бийлиги терроризм боюнча күрөштүн планын бекитти, парламент шектелген террорчуларды суракка алууга укуктуу аскердик трибунал түзүү чечимин кабыл алды. Пакистан өкмөтү өлүм жазасына киргизилген мараторийди алып салды, алгач, бул террорчулукка айыпталгандарга гана тиешелүү болгон. Бирок, кечирээк жазанын бул түрүн башка оор кылмыштарды жасагандарга карата кабыл ала берүүнү чечишти.

Жаңылыктар түрмөгү
0