Астрономдор Аалам канчалык тездик менен кыйрап бара жатканын аныкташты

© Фото / NASAЖер көрүнүшү. Архив
Жер көрүнүшү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Курчап турган галактикаларга жүргүзүлгөн кенен байкоолор акыркы эки миллиард жылда Аалам бир топ күңүрт тартып калганын, демек акырындап болсо да жок болуп баратканын көрсөттү.

БИШКЕК, 11-авг. – Sputnik. Эл аралык астрономдор тобу бизди курчап турган Аалам эки миллиард жыл мурдагыга караганда кубаттуулукту эки эсе аз бөлүп чыгарып жатканын аныктады. Бул биздин Аалам акырындык менен өчүп бара жатканын билдирет деп айтылат Monthly Notices of the Royal Astronomical Society журналына жарыяланган макалада.

"Ушул доордон баштап, Аалам акырындап карый баштайт жана анын картаң мезгили түбөлүккө созулат. Ал чынында жылуу төшөккө жатып, жууркан менен жамынып, түбөлүк уйкуга камынгандай абалда", — деди Батыш Австралиянын Эл аралык радиоастрономиялык изилдөөлөр борборунан (ICRAR) Саймон Драйвер (Simon Driver).

Астроном белгилегендей, Аалам акырындап өчүп бара жатканы өзүнөн өзү ачылыш эмес – бул жөнүндө астрофизиктер өткөн кылымдын 90-жылдарынан тарта эле шектенип келишет. Бирок бул процесстин чоо-жайы, тездиги жана көлөмү иликтене элек болчу.

"Кеплер" телескобу Ак куу топ жылдызынан Жерге окшош планетаны тапты
Драйвер жана анын кесиптештери бул процесс чынында эле жүрүп жатканын ырастап, Ааламдын өчүш тездигин баалай алышты. Бул үчүн алар жер үстүндөгү жана орбитадагы бир нече ондогон телескоптордун жардамы менен жакын жайгашкан галактикаларга байкоо жүргүзүшкөн. Телескоптор радиотолкундардан тартып ультрафиалетке чейинки электр магниттик чагылдыруунун 21-диапазонунда иштейт.

Жалпы эсеп менен астрономдор Жер шарынан эки миллиард жарык жылы аралыгында жайгашкан 220 миң галактиканын нурдануу күчүн ченей алышкан. Алардын ар түрдүү мезгилдердеги жарыктыгын салыштыруу менен, макаланын авторлору жылдыздар мурда орто эсеп менен канча кубаттуулук жаратчу экендигин эсептеп чыгышкан.

Көрсө, 2,3 миллиард жыл мурун, эгер жарык нуру Жерге ошончо убакытта жетүүчү галактикаларга таянып ой жүгүртсөк, бизди курчап турган Аалам көзгө көрүнгөн нурларды жана кубаттуулуктун башка түрлөрүн бүгүнкүгө караганда эки эсе көп чыгарчу экен.

Демек, Аалам чын эле өчүп баратат жана болжол менен 100 триллион жылдан кийин акыркы кызыл карликтер "жылдыздуу кубатын" түгөтүп бүткөндөн кийин Аалам кайра жаралуу деп аталган дооруна – "өлүк" абалына туш келип, таптакыр караңгы болуп калат.

Күн. Эң жарык жылдыз
Ошол эле учурда, макаланын авторлору түшүндүргөндөй, галактикалар менен бүтүндөй аалам мейкиндигинин жалгыз "жашоочулары" кара тешиктер, ак карликтер, күрөң карликтер ана нейтрон жылдыздары, ошондой эле акыркы тирүү калган планеталар болот. Бир квадрильон жылдан кийин планеталар кыйрап, ал эми 10 квинтильон жылдан кийин ак карликтер менен нейтрон жылдыздары өтө чоң кара тешиктерге алардын галактикаларынын борборунда кошулат.

Ошол мезгилде Ааалмдын акыркы доору башталат. Кара тешиктердин доору деп аталчуу бул мезгил адам акыылына сыйгыс узак убакытка созулат. Ал мезгилде кара тешиктер Хокинг нуру калыптанышынан бууланып кетет жана ошол эле убакта Аламга электрондор, фотондор жана позитрондор отурукташа баштайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0