Каза болгон альпинисттердин сөөгү Москвага бейшемби күнү жеткирилет

© Sputnik / Евгения Новоженина / Медиабанкка өтүүМосква шаары. Архив
Москва шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Туристтик фирмада жана Россиянын альпинизм федерациясынын сайтында өлгөндөрдүн аты-жөнү жарыяланды. Алар Павел Марковских, Сергей Шпиз жана Илья Поселяничев. Федерациянын маалыматында альпинисттер 4810 метр бийиктеги чокудан түшүп келе жатып, каза болушкан.

БИШКЕК, 4-авг  — Sputnik. Россиянын Оштогу башкы консулдугу сөөктөрдү мекенине жеткирүү маселесин чечип жатканын Россиянын Кыргызстандагы элчилиги билдирди.

Ми-8 МТВ вертолету. Архив - Sputnik Кыргызстан
Чет элдик альпинисттердин сөөгү кырсык болгон жерден тик учактар менен чыгарылды
Буга чейин КРдин Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы үч россиялык альпинист Ленин чокусунун аймагында каза болгонун билдирген. Алардын денеси тик учак менен чыгарылды.

"Ак-Сай Тревэл" туристтик фирмасы россиялык жарандар кандай шартта каза болгону белгисиз экенин билдирди. Алардын маалыматы боюнча, альпинисттер Кыргызстанга чемпионаттын алкагында келип, бирок мелдешке катышкан эмес. 

Туристтик фирмада жана Россиянын альпинизм федерациясынын сайтында өлгөндөрдүн аты-жөнү жарыяланды. Алар Павел Марковских, Сергей Шпиз жана Илья Поселяничев. Федерациянын маалыматында, альпинисттер 4810 метр бийиктеги чокудан түшүп келе жатып, каза болушкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0