Талибдер Афганистанда өкмөткө таламдаш аксакалды өлтүрүштү

© flickr.com / inthefightАфганистандын желеги. Архив
Афганистандын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Талибан" тобунун бир нече куралдуу мүчөсү жергиликтүү аксакалдын үйүнө кирип барып, аны төрт үй-бүлө мүчөсү менен кошо өлтүрүшкөн. Атышуу учурунда эки согушчан да жок кылынган.

БИШКЕК, 3-авг — Sputnik. "Талибан" тобунун мүчөлөрү Саманган провинциясында өкмөткө таламдаш жергиликтүү аксакалды жана анын бүлөсүн дүйшөмбү күнү эртең менен үйүндө өлтүрүп кетишкенин Синьхуа агенттиги кабарлайт.

"Талибан" тобунун бир нече куралдуу мүчөсү жергиликтүү аксакал Дамулла Абдул Каримдин (Damullah Abdul Karim) Дара-е-Суф (Dara-e-Suf) аймагындагы үйүнө кирип барып, аны төрт бүлөсү менен кошо дүйшөмбү күнү таң эртең менен өлтүрүп кетишкен", — дейт жергиликтүү полиция кызматынын башчысы Мухаммед Бакир Масуд (Mohammad Baqir Masoud).

Бийликтин берген расмий маалыматына караганда, атышуу учурунда эки согушчан да өлтүрүлгөн.

Афганистандын жеринде "Талибан" радикалдуу кыймылы аракетте. Өкмөттүн аскерлери согушкерлерге каршы атайын операцияларды үзгүлтүксүз жүргүзүп турат. Мындай тирешүүлөрдүн курмандыгы көп учурда карапайым тургундар болуп калат.

Жаңылыктар түрмөгү
0