Франция тик учак ташыган кемелер боюнча чечимин жакында айтат

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүМистраль кемеси. Архив
Мистраль кемеси. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Франсуа Олланд тик учак ташуучу кемелер менен камсыздоону алдыга жылдыруу боюнча чечим кабыл алат.

БИШКЕК, 28-июль — Sputnik. Россияга "Мистраль" кемесин берүү келишими боюнча маселе жакын арада чечиле турганын Франциянын президенти Франсуа Олланд маалымдады.

"Владимир Мономах" суу астында сүзүүчү атомдук кеме
Аталган билдирүү дүйшөмбү күнү кечинде журналисттер менен болгон жолугушууда жасалды. Олланд тик учак ташуучу кемелер менен камсыздоону алдыга жылдыруу же таптакыр токтотуу боюнча чечим кабыл ала турганын айтты.

Тик учак ташуучу эки "Мистраль" кемесин сатуу жөнүндөгү келишим франциялык DCNS/STX жана "Рособоронэкспорт" тарабынан 2011-жылы түзүлгөн. Франция биринчи кемени өткөн жылдын ноябрь айында бериши керек болчу, бирок берилген эмес. Россия Франциядан аны берүүсүн же акчаны кайтаруусун күтүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0