Сирияда "Ахрар аш-Шам" тобунун лидери өлтүрүлгөндүгүн билдиришти

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүү"Ислам мамлекетинин" желеги. Архив
Ислам мамлекетинин желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адам укугун сактоо боюнча мониторинг жасаган борбор Сириянын Түркия менен чектешкен Идлиб провинциясында чатак чыгып, эки жан кечти өздөрүн жардырып жибергендигин билдирди.

БИШКЕК, 15-июль — Sputnik. Сириялык террордук "Ахрар аш-Шам" тобунун лидери Сириянын түндүк-батышындагы кош жардыруудан улам өлдү деп билдирди Адам укугун сактоо боюнча мониторинг борборуна таянган Франс Пресс. 

Сириялык кошуунчулар "Ислам мамлекетинин" 40ка чукул согушкерин жок кылды
Борбордун берген маалыматына караганда, Адам укугун сактоо боюнча мониторинг жасаган борбор Түркия менен чектешкен Идлиб провинциясында чатак чыгып, эки жан кечти өздөрүн жардырып жиберген. Салькин шаарына жакын жердеги бул жардыруудан аталган топтун жети согушкери жан берген. 

Укук коргоочулар өлгөндөрдүн арасында "Ахрар аш-Шам" террордук тобунун лидери Абу Абдель Рахман Салькин (Abu Abdel Rahman Salqin) да болгондугун билдиришти.

Учурда аймактагы террордук уюмдардын бири да жардыруу боюнча жоопкерчиликти өздөрүнө алган жок. Анткен менен, укук коргоочулар бул "Ислам мамлекети" радикалдык тобунун согушкерлеринин колунан келди деген божомолун айтышууда. 

"Ахрар аш-Шам" Сирияда президент Башар Асаддын өкмөтүнүн аскерлери менен согушуп жаткан салафиттик бригадалардын кошууну, маалыматтарда, мүчөлөрүнүн саны 10 миңден 20 миңге чукулдап барат. Алар 2011-жылы май айында Сириянын түрмөлөрүнөн мунапыска ээ болуп чыккандардан куралган.

Жаңылыктар түрмөгү
0