Хабаровск шаарынын жанына аскер учагы кулап түштү

© Фотохост-агентство / Медиабанкка өтүүСтратегиялык Ту-95 аскердик учак. Архив
Стратегиялык Ту-95 аскердик учак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Экипаждын курамындагы жети кишини куткаруучулар издеп жүрөт, алдын ала маалыматтарга кырсык учурунда алар учактан секирип кеткенге үлгүргөн.

БИШКЕК, 14-июль — Sputnik. Стратегиялык Ту-95 аскердик учак Хабаровск аймагында кулап түшкөнүн РИА Новости күч түзүмдөрүндөгү жеке булактарына шилтеме берүү менен билдирди. 

"Ту-95 учагынын жети кишиден турган экипажы учактан секирип кеткенге үлгүргөнү тууралуу билдирүү келип түштү", — деп билдирди ал адам. 

Анын айтымында, учак кулап түшкөн аймак аныкталууда, издөө иштерин Ан-12 менен жасалууда. 

Россиянын Коргоо министрлиги билдиргендей, Хабаровск аймагына кулап түшкөн стратегиялык Ту-95 үлгүсүндөгү бомба таштагыч аскерий жабдууларысыз учуп жүргөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0