ТИМ: Красноярскидеги жол кырсыгынан жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүТез жардам автоунаасы. Архив
Тез жардам автоунаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Автобус менен микроавтобустун кагылышуусунан 11 адам каза болуп, тогузу ооруканага жеткирилди.

БИШКЕК, 9-июль — Sputnik. Алдын ала маалыматтар боюнча Красноярскидеги жол кырсыгынан жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок экенин Sputnik агенттигине Новосибирск шаарындагы вице-консулдукка шилтеме берүү менен Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирет.

Авария бейшемби күнү "Енисей" трассасынын 143-чакырымында болгон. 

Кызылдан Краснояркини көздөй 24 жүргүнчүнү ташып бараткан Hyundai автобусу жол эрежесин бузуп, жолдун каршы тарабында келе жаткан Mercedes Benz унаасынын маңдайынан чыга калган. Кагылышуунун кесепетинен кичиавтобустун 11 жүргүнчүсү каза болуп, дагы тогуз адам ооруканага жеткирилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0