Невьянскидеги колонияда кыргызстандыктын өлүмүнөн улам чыккан ачкачылык аяктады

© Sputnik / Вадим Брайдов / Медиабанкка өтүүНевьянск шаарындагы колония. Архив
Невьянск шаарындагы колония. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Нааразычылык акциясына Невьянск шаарындагы колонияда жаткан кыргызстандыктын өлүмү себеп болгон.

БИШКЕК, 8-июль — Sputnik. Свердлов облусуна караштуу Невьянск шаарындагы колонияда камакка жаткандар ачкачылыкты токтотуп, эртең мененки тамакка чыгышканын Жаза аткаруу федералдык кызматынын башкы башкармалыгынын сайтында маалымдалды. 

РФтеги колонияда өлгөн КР жараны боюнча башкы консулдук менен тергөө комитети жолугат
Свердлов облусундагы №46 катуу тартиптеги колонияда жаза мөөнөтүн өтөп жаткан 500дөн ашуун жаран массалык түрдө ачкачылык жарыялашкан. Камакта жаткан кыргызстандыктын өлүмүнө колониянынын кызматкерлеринин тийиштиги бар болушу мүмкүн делинүүдө.

Жаза аткаруу федералдык кызматынын Свердлов облусу боюнча башкы башкармалыгынын маалыматына ылайык, азыр абал туруктуу. Колониядагылар эртең мененки тамактан баш тарткан жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0