АКШ элчилиги үчүн дагы бир жүк келди

© Sputnik / Игорь Михалев / Медиабанкка өтүүАКШ желеги. Архив
АКШ желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кезектеги жашыруун жүк ишембиден жекшембиге караган түнү Азербайжандын борбору Баку шаарынан келди.

БИШКЕК, 29-июнь — Sputnik. АКШнын Кыргызстандагы элчилиги үчүн кезектеги дагы бир жашыруун жүк келгенин Sputnik агенттигине "Манас" эл аралык аэропортундагы өздүк маалымат булактар билдирди.

Генерал-полковник Абдыгул Чотбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Чотбаев АКШ элчилигине келген жүк жөнүндө: тыңчылык кылуу үчүн жабдыктар болушу мүмкүн
23-июнь күнү Америка элчилигине жүк келген.

Кезектеги жашыруун жүк ишембиден жекшембиге караган түнү Азербайжандын борбору Баку шаарынан келди. 

Тышкы иштер министрлиги жүктүн келишин тастыктады.

Март айында украин авиакомпаниясынын АН-124 "Руслан" унаа учагы "Манас" аэропортуна эки жолу келип конгонун ММК жазып чыккан. Учак Бириккен Араб Эмирлигинен АКШ элчилиги үчүн 152 тонналык "кандайдыр бир жүк" алып келген. Дипломатиялык почта болгондуктан, ал текшерилген эмес.

Эксперттер америкалыктар жаңы элчиликтин имаратын куруу менен бирге Кыргызстанга "демократия" кирпичтерин жана "эркиндиктин" арматураларын ташып келип жаткандыгы тууралуу пикирлерин билдиришкен. 

АКШ аскер кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
ТИМ АКШ элчилигинин "дипломатиялык жүгү" келгенин тастыктайт
2015-жылдын февраль айында АКШнын КРгы убактылуу элчиси болуп Ричард Майлз дайындалган. Кыргызстан менен Грузия эксперттери бул дайындоонун кокустук эмес экенин, ал мамлекетке кооптуулук жаратарын айтышууда.

Майлз элчилик милдетти Азербайжан, Белград жана Болгария мамлекеттеринде аркалаган. 2003-жылы Грузияда "роза төңкөрүшү" болгон учурда да Майлз аталган өлкөдө Американын элчиси болуп турганы белгилүү.

Жаңылыктар түрмөгү
0