Тайванда өрттөн жабыркагандарын саны 516 адамга жетти

© REUTERS / Wu Chia TAIWANТайвандын аквопаркында боёктор фестивалы учурунда жардыруунун жана катуу өрттүн кесепетинен жабыркагандардын саны 516 адамга жетти
Тайвандын аквопаркында боёктор фестивалы учурунда жардыруунун жана катуу өрттүн кесепетинен жабыркагандардын саны 516 адамга жетти - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя ишембиде Синьбэй шаарындагы аквапаркта өткөн Color Play Asia "боёктор майрамы" учуруна болгон. Кырсыкка майдаланган түстүү боёкторду чачуу алып келген.

БИШКЕК, 29-июнь — Sputnik. Тайвандын аквапаркында боёктор фестивалы учурунда жардыруунун жана катуу өрттүн кесепетинен жабыркагандардын саны 516 адамга жеткени жөнүндө РИА Новости Кытайдын ЖМКларына таянуу менен билдирет.

Мурдараак 509 жабыр тартуучу жөнүндө кабарланган эле.

"Өрттөн жабыркагандардын саны 516га жетти, жалпысынан 194 адам өтө оор жаракат алган", — деп айтылат Синьхуа агенттигинин билдирүүсүндө. Курман болгондор жөнүндө маалымат жок. Негизинен жабыркагандардын денелери жана дем алуу органдары күйгөн.

Маалыматка ылайык, жабыркагандар шаардын 39 ооруканасына жайгаштырылган. Бийлик шашылыш чара көрүү механизмин ишке киргизип, жакын жайгашкан Тайбэй менен катар төрт шаардын медициналык мекемелерине жабыр тарткандарга жардам көрсөтүүгө даяр турууну тапшырды.

Өрт өчүрүүчү кызматчы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Филиппинде болгон өрттөн 58 киши каза тапты
Окуя ишембиде жергиликтүү убакыт боюнча саат 20.30да Синьбэй шаарындагы аквапаркта өткөн Color Play Asia "боёктор майрамында" майдаланган түстүү боёкторду чачуу учуруна болгон. Алдын ала божомолдоолор боюнча, дал ошол боёк чачуу өрткө алып келди. ЖМК маалыматтары боюнча окуя болгон жерде куткарып калуу үчүн медициналык каражаттар, куткаруучулардын кызматы болгон эмес. Күбө болгондордун айтымында, бул "тозоктогудай" болгон. Айрымдары жанын сактап калуу үчүн бассейнге секиришкен. Кымгуут элдин арасында, тополоң күчөп, кысылыш башталып, тез жардам унаалары үчүн окуя болгон жерге кирүү өтө кыйын болгон. 

CCTV телеканалы билдиргендей, полиция иш-чараны уюштуруучуларды суракка алууда. Телеканал көрсөткөн кадрларга караганда, колуна кишен салынып бара жаткан уюштуруучулардын бири болгон окуя үчүн кечирим сурады.

Жаңылыктар түрмөгү
0