Евразиянын куруучулары Батышты четке ташташты — Скидельски Россия менен Кытай жөнүндө

© Sputnik / Сергей Гунеев / Медиабанкка өтүүРоссия жана Кытай желеги. Архив
Россия жана Кытай желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
АКШ Россия менен Кытайды дүйнөлүк бир системага баш коштуруу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарып жиберди, эми болсо бул эки мамлекет бири-биринен альтернатива издеп жатат деп эсептейт Улуу Британия парламентинин лорддор палатасынын мүчөсү Роберт Скидельски.

БИШКЕК, 22-июнь — Sputnik. Батыштын азыркы жетишкени — мурдагы эки атаандаш биригип алып, аны аймактын өнүгүү процесстеринен чыгарып салууга умтулуп жатат деп билдирет РИА Новости Guardian гезитине таянуу менен.

Улуу Британия парламентинин лорддор палатасынын мүчөсү, экономист Роберт Скидельски дүйнөдөгү экономикалык жана саясий кырдаал евразиялык интеграция жөнүндө идеяга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү берди деп жазат.

ЕАЭБнын Кытай менен шериктештиги келечектүү болушу мүмкүн
Бир жагынан, 2008-2009—жылдардагы каржы каатчылыгы жана Жакынкы чыгыштагы саясий кыйроолор Батыштын өзүнө өзү ишенүүчүлүгүнө сокку урду. Экинчи жагынан, Евразиянын болочок куруучулары болгон Россия менен Кытайдын кызыкчылыктары шайкеш келип калды деп белгилейт автор.

Батыштын азыркы жетишкени — мурдагы эки атаандаш биригип алып, аны аймактын өнүгүү процесстеринен чыгарып салууга умтулуп жатат. АКШ болсо Россия менен Кытайды дүйнөлүк бир системага баш коштуруу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарып жиберди, эми бул эки мамлекет бири-биринен альтернатива издеп жатат деп эсептейт макаланын ээси. 

Кытай инвестициялар менен экспорттун агымын Евразияга буруп, жаңы рынокторго жетишүү аракетинде. Россия болсо Евразиянын ири транспорттук жана курулушу долбоорлоруна катышуу менен өзүнүн "өнөр жай жана инженердик кубатын" кайра жарата алат. Кытайда дагы ал өзүнүн энергия алып жүрүүчүлөрү үчүн өсүп келе жаткан рынок таба алат. 

Быйыл Россия, Армения, Белоруссия, Казакстан жана Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдикке баш кошту. Май айында кытай жана орус лидерлери Евразия биримдиги менен кытайдын "Жибек Жолуи" долбоорун "беттештирүү" чечими жөнүндө жарыялашкан. Бул Кытай, Европа, Жакынкы Чыгыш жана Африка аймактарын байланыштыруучу зор эркин соода мейкиндигин түзүүгө мүмкүндүк берет.

Россия менен Кытай өзүлөрүн АКШ жана анын таламдаштары "курчап тургандай" сезишет деп айтылат макалада. Кытай "өнүккөн өлкөлөр тандап алган өнүгүү тартиптерин" урматтоо зарылчылыгы жөнүндө билдирсе, Россияда Америкага каршы ой-кептер украин каатчылыгынын алкагында күч алды. Украинадагы абал Москва үчүн Батыштын кийлигишүүчүлүгүнө айкын мисал болуп эсептелет деп жазат автор. 

Россия менен Кытайдын ортосунда соода агымдарынын кеңейиши, саясат жана коопсуздук маселелеринде жөнгө салуулар Москва менен Пекинди тышкы кийлигишүүлөрдөн коргоп, дүйнөлүк бийликтин жаңы борбору пайда болгону жөнүндө кабар берет деп эсептейт Скидельски.

КЭР "жаңы Silk Road" бетачарын жасайт
Кытайды Европа өлкөлөрү менен байланыштырып, Азия менен Африканын кызматташтыгын бекемдеши керек болгон жаңы "Жибек Жолун" куруу жөнүндө ойду КЭР жетекчиси Си Цзиньпин 2013-жылы көтөрүп чыккан эле. Мында кеп чыгыштан батышты карай товарларды жеңилдетилген шарттарда түз ташуу үчүн соода коридорун түзүү жөнүндө болууда. Бул демилгени ишке ашырууда Кытай Тынч океанынан Балтика деңизине чейин транспорт тармагын түзүп, соода жана инвестициялар үчүн тоскоолдуктарды кыскартып, улуттук валюталар менен эсептешүү системасын кеңейтүү ниетинде. 

ЕАЭБ — 2015-жылдын 1-январынан тартып Россия, Казакстан жана Беларусь мамлекеттеринин Бажы биримдигинин негизинде түзүлгөн. Армения бул биримдикке жылдын башында кошулду. 8-майда Евразиялык экономикалык биримдиктин биринчи саммитинде ага КРдин кошулуусу жөнүндө акыркы документтерге кол коюлган.

21-майда президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын ЕАЭБге кошулушу жөнүндө эл аралык келишимдерди ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбооруна кол койгон. Биримдиктин башка өлкөлөрү келишимдерди ратифицикациялай элек.

Жаңылыктар түрмөгү
0