Окумуштуулар жандуу организмдеги магнит талаасын тапкычты аныкташты

Жазылуу
Америкалык илимпоздор менен инженерлер Caenorhabditis elegans деп аталган кенедей курттун магнитти сезгичтик жөндөмү бар экенин аныкташты. "Тапкыч" телевизордун антеннасына окшогон, микроскоп менен гана көрүүгө боло турган нейрон түрүндөгү түзүлүш болуп чыкты.

БИШКЕК, 21-июнь – Sputnik. Окумуштуулар тирүү жандыкта Жердин магниттик талаасын тапкыч бар экенин биринчи жолу аныкташты деп билдирет РИА Новости eLife журналына таянуу менен.

Техас университетинин (АКШ) окумуштуулары менен инженерлери Caenorhabditis elegans деп аталган кенедей курттун мээсинде Жер шарынын магниттик талаасын тапкыч бар экенин биринчи жолу аныкташты. Жандыктардын аталган түрү узундугу 1 миллиметрге жеткен, эркин жашоочу тегерек курт – нематода болуп эсептелет. Изилдөөчүлөр атайын жабдуунун жардамы менен курттун тегерегиндеги магнит талаасын ченөө учурунда анда магнитти сезе турган жөндөм бар экенин табышкан.

Курттун жер алдында навигатор катары пайдалануучу өтө кичине, телевизордун антеннасына окшош келген нейрондук бөлүгү магнит талаасын сезет экен.

Жаңылыктар түрмөгү
0