Окумуштуулар: куурулган майлуу тамак эркектердин эс тутумун начарлатат

© Sputnik / Олег Ласточкин / Медиабанкка өтүүМуз каймака колдонотулган ашкана материалы. Архив
Муз каймака колдонотулган ашкана материалы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Америкалык диетологдор тамак-ашты куурганга жана консервациялаганга пайдаланылуучу трансмайлары адамдын эс тутумуна өтө терс таасир бере турганын аныкташты.

БИШКЕК, 19-июнь – Sputnik. Каныктырылбаган майга кууруп бышырылган тамакты аз санда болсо да жеген эркектердин эс тутуму бир топ начарлай турганын тамактануудан кийин өз ыктыярлары менен изилдөөдөн өткөндөрдүн интеллектуалдык өзгөрүүлөрүнө байкоо салган дарыгерлер аныкташкан. Бул туурасында РИА Новости PLoS One журналына таянуу менен билдирет.

"Каныкпаган майлар дүкөндүн текчелериндеги азык-түлүктүн пайдаланууга жарактуу мөөнөтүн узартып гана тим болбостон, биздин "жарактуулук мөөнөтүбүздү" кыскарта турганын мен өз бейтаптарыма айтып келем. Майлардын бул түрүнүн адамдын маанайына жана жүрүм-турумуна таасири жөнүндө биз мурдатан билчүбүз, бирок алар эс тутумуна жана акылга терс таасир кыларын эч ким көрсөтө алган эмес", — деди Калифорния (АКШ) университетинен Беатрис Голомб (Beatrice Golomb).

Жаштар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сүйүү арактан кем эмес мас кыларын окумуштуулар аныктады
Голомб жана анын кесиптеши Алексис Буи (Alexis Bui) майга же ачык отко бышырылган бир грамм тамак да биздин эс тутумубуз үчүн олуттуу терс таасир берерин аныктаган. Бул үчүн алар тапкычтыкты талап кылуучу жөнөкөй оюндарга өз ыктыяры менен катышкан миңдеген эркектерге байкоо жүргүзүшкөн. Оюндун шартына ылайык, окумуштуулар ар түрдүү жүз сөздү атап, эксперименттин катышуучуларынан мүмкүн болушунча көп сөздү эстеп калууну сунуштаган. Түрдүү курактагы, ар башка тамак ичүүчү адамдардын эстеп калган сөздөрүнүн санын салыштыруу аркылуу Голомб менен Буи жеген тамак адамдын акыл жөндөмүнө жана эс тутумуна кандай таасир кыларын түшүнүүгө аракет кылышкан.

Көрсө, бул байланыш жөн гана бар эмес, өтө айкын экен. Окумуштуулардын айтымында, экспериментке катышуучулар жеген куурулган жана трансмайлар кошулган тамактын ар бир граммы жок дегенде бир сөздү унуттурган.

Ошонун себебинен эксперимент учурунда куурулган тамакты көп жеген уландар, андай тамак жебегендерге караганда эстерине орто эсеп менен 12 сөздү кем тутуп калышкан.

Голомб айткандай, мындай натыйжалар 45 жаштан төмөн курактагы эркектердин арасында гана байкалган. Диетологдун пикиринде, улуу курактагы адамдардын ден соолугуна жана мээсинин иштешине эксперименттеги тамактын таасири анча болбогон себеби, картайып калгандардын көбү мурда инсульт болгон же мээ менен эс тутумдун дагы башка дарты менен жабыр тартат. Ошон үчүн зыяндуу май кошулган азыктын аларга таасири анча байкалган эмес. 

Трансмайлар өтө ысытылган өсүмдүк майлары аркылуу суутекти өткөрүү жолу менен алынган өзгөчө майлар болуп эсептелет. Алар катуу жана кычкылданып кетпей турган касиетке ээ болот. 

Кармалган кара курай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Окумуштуулардын ырастоосуна караганда, каннабис эс тутумун абдан начарлатат
Анын негизиде маргариндер, кондитердик жана кулинардык майлар алынат. Аларды ар түрдүү азык-түлүктөргө даамын жакшыртып жана сакталуу мөөнөтүн узартуу үчүн кошот. Бул майлар өтө арзан жана пайдаланууга жеңил болгондуктан, алар өндүрүштөн чыккан бардык азык-түлүктөрдө бар. Трансмайлар майды кайнатып бир нерсе жасаганда да пайда болушу ыктымал.

Дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө азык-түлүк чыгарууда трансмайларды колдонууга чек коё башташты. Мындай чектөөлөр биринчи жолу 2003-жылы Данияда киргизилген. Ал эми бир нече күн мурун АКШнын башкы азык-түлүк ведомствосу үч жылдан кийин коомдук тамактануу тармактарында трансмайларга тыюу салууну убада кылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0