Энергетика, каржы жана коргоо – АКШ менен ЕБдин жаңы санкциялары

© AFP / STR / BELGA АКШ жана Евроборборунун желектери. Архив
АКШ жана Евроборборунун желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүнкү күндө баардыгы Украинадагы абалдан көз каранды. CNN каналынын маалыматы боюнча, кырдаал курчуп кетсе, АКШ менен Европа Биримдиги тез арада жаңы санкциялар менен жооп кайтарат.

БИШКЕК, 14-июнь — Sputnik. Америка Кошмо Штаттары жана Евробиримдик Россия Федерациясына каршы жаңы чараларды даярдоонун аягына чыгып жатканын РИА Новости CNN телеканалына таянуу менен жазып чыкты.

Белгилүү болгондой, санкциялардын тизмеси каржы, энергетика жана коргоо чөйрөлөрүн камтып узарып барат. 

"Маалымат булактарына ылайык, санкция тизмесине жаңы ишканалар жана ысымдар киргизилиши мүмкүн. Мындан тышкары, Россиянын каржы, энергетика жана коргоо секторун да камтышы ыктымал. Жаңы чараларды акыркы аракет деп айтууга болбойт", — дейт каналдын журналисттери.

Путин: батыштын санкциялары азыр алынышы күмөн
Бүгүнкү күндө баардыгы Украинадагы абалдан көз каранды. CNN каналынын маалыматы боюнча, кырдаал курчуп кетсе, АКШ менен Европа Биримдиги тез арада жаңы санкциялар менен жооп кайтарат. 

Россия жетекчилиги Донбасстагы окуяга тиешеси жок экенин, Украинадагы кагылышууда кайсы бир тарап катары чыкпаганын бир нече ирет расмий түрдө билдирген. Мындан тышкары, РФ тараптардын эч кимисин курал-жарак менен камсыздабаганын баса белгилеген.

Өткөн жылдын жаз айларынан баштап Батыш мамлекеттери Россияга карата санкцияларды киргизген. "Кара тизмеге" саясий ишмерлер, бизнес өкүлдөрү жана ири компаниялар кирген. Акыркы жолу санкциялык аракеттерге Крым жарым аралы тушуккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0