Кениялык юрист Обаманын кызына үйлөнүү үчүн калың берүүгө даяр

© Sputnik / Сергей Гунеев / Медиабанкка өтүүАКШ президенти Барак Обама үйбүлөсү менен. Архив
АКШ президенти Барак Обама үйбүлөсү менен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кипроно Барак Обаманын улуу кызына болгон сезими аруу экенин билдирип, кеп Америка президентинин байлыгында эместигин белгилейт. Анын айтымында, Малия үчүн бере турган 70 кой, 50 уй жана 30 эчки калыңы даяр турат.

БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Кениялык юрист Феликс Кипроно АКШ президенти Барак Обаманын улуу кызы Малия менен баш кошууну каалап жатканын, кыз үчүн бере турган калыңы да даяр экенин билдирди деп жазат РИА Новости Washington Times гезитине таянуу менен.

Кипроно Малия Обамага 2008-жылдан бери ашык болуп жүргөнүн, ушуга чейин эч бир кыз менен мамиле түзбөгөнүн айткан. Ал үйлөнүү жөнүндө сунушун Обаманын июль айында Кенияга боло турган иш сапарынын учурунда айтууну пландап жатата. 

"Мен учурда президентке Кенияга Малияны кошо ала келүү өтүнүчү менен кат даярдап жатам", — дейт Феликс.

Кипроно Барак Обаманын улуу кызына болгон сезими аруу экенин билдирип, кеп Америка президентинин байлыгында эместигин белгилейт. Анын айтымында, Малия үчүн бере турган 70 кой, 50 уй жана 30 эчки калыңы даяр турат.

"Каленжин уруусунун бардык аялдары сыяктуу эле мен Малияга уй сааганды, угали (жүгөрү буламыгы) жана мурсик (Кениянын улуттук тамагы) жасаганды үйрөтөм", — деп кошумчалады Кипроно.

Барак Обаманын 17 жашар Малия Энн жана 14 жашар Наташа аттуу эки кызы бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0