Сүйүү арактан кем эмес мас кыларын окумуштуулар аныктады

Жазылуу
Америкалык нейрофизиологдор үй-бүлө бактысынын жана сүйүүнүн гормону болуп эсептелген окситоцин адамдын организмине жана мээсине берген таасири жагынан ичимдиктен эч айырмасы жок экенин аныкташты.

БИШКЕК, 21-май – Sputnik. Үй-бүлө бактысынын жана сүйүүнүн гормону болуп эсептелген окситоцин адамдын организмине жана мээсине берген таасири жагынан ичимдиктен эч айырмасы жок экендигин Neuroscience and Biobehavioral Reviews журналына өз макаласын жарыялаган нейрофизиологдор айтыап чыгышты. Бул туурасында РИА Новости билдирет.

"Алар, кыязы, мээнин түрдүү рецепторлорун таасир кылып, бирок гормондор мээнин маңдайкы кыртышына жана сезим борборуна таасир кылгандай натыйжа берет. Бул бөлүктөр ишке орношууга маектен өтүү же сүйүктүү кызы менен жолугушуу сыяктуу социалдык оор сынактарда ар түрдүү стресстерди жана тынчсызданууларды кандай көтөрө алышыбызга жооп берет. Окситоцин да, ичимдик да мындай абалды жеңилдетет", — дейт Бирмингем университететинен (Улуу Британия) Айэн Митчелл (Ian Mitchell). 

Ал өзүнүн кесиптештери менен окситоциндин жана ичимдиктин адамдын мээсине тийгизген таасирине арналган бир нече ондогон илимий иштердин натыйжаларын топтоп, аларды салыштыруу аркылуу ушундай натыйжага келген.

Изилдөөчүлөр белгилегендей, акыркы бир нече жылда нейрофизиологдор окситоцинди жана сезимдерге байланышкан башка гормондорду адам менен жаныбарлардын жүрүм-турумуна таасири жагынан кылдат изилдеп жатат.

Мисалы, үстүдөгү жылдын апрелинде биологдор окситоцин эне боло элек чычкандардын мээсиндеги энелик программаны иштетерин, ошондой эле иттерди колго үйрөтүп, адамдын досуна айлантканга жол ачуучу "ачкыч" боло аларын аныкташкан. 

Митчеллдин айтымында, тажрыйбалардын биринин жүрүшүндө анын авторлору бөтөнчө бир нерсени байкашкан –окситоцинди келемештин мурдуна куюу аларда ичимдиктен мас болгондогуга окшош көрүнүштөрдү пайда кылган. Бул Митчелл менен анын кесиптештерин окситоцин менен ичимдиктин мээге таасири жөнүндө документтешилген материалдарды салыштырууга аргасыз кылган.

Көрсө, окситоцин менен ичимдикти колдонуунун таасири сыртынан гана окшош болбостон, мээнин башкы гормондорунун бири – гамма-аминомайлуу кислотага (ГАМК) таасири бирдей экен. Анын натыйжасында нейрондордун иштеши "басаңдап", бейкапар сезим пайда болот.

Ушунун аркасында окситоцин менен ичимдик адамды жана тажрыйба жасалып жаткан жаныбарларды ар түрдүү жагдайларда чечкиндү үгана кылбастан, бейтааныштарга ишенчээк кылат. Андан тышкары, окситоцин менен ичимдиктин таасиринин бир катар терс жактары бар – айрым адамдар жана лабораториядагы кемирүүчүлөр алардан агрессивдүү болуп, тобокелчиликке көп барып жана "кадимки, жакшы" деген сезимдери мокоп калат.

Митчеллдин кесиптеши Стивен Гиллеспай (Stiven Gillespie) окситоцин спирт ичимдигинин социалдык альтернативасы болот деп ойлобойт. Ошентсе да, ал укмуштуу гормон. Эгер анын жүрөктүн иштешине таасирин эске албасак, аны бир катар психологиялык жана психиатриялык дарттарга каршы пайдаланса болот. Бирок бул үчүн ал жүрүм-турумду кандай өзгөртөрүн толук түшүнүш керек. Биздин изилдөө аны медицинада пайдалануу үчүн жаңы ойлорду жаратууга жол ачат деген үмүттөбүз дейт Гиллеспай.

Жаңылыктар түрмөгү
0