Колумбияда жер көчкүдөн каза болгондордун саны 80ден ашты

Жазылуу
Кырсыкка катуу жааган жаандан улам өз нугунан ашып кеткен жергиликтүү агын суулар себеп болду.

БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Колумбиянын Антиокия департаментинде болгон жер көчкүнүн натыйжасында курман болгондордун саны 83 адамга жеткенин РИА Новости Медельин шаарынын сот медицина кызматына таянуу менен билдирди.

Өрт өчүрүүчү кызматчы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Филиппинде болгон өрттөн 58 киши каза тапты
Кырсык өткөн дүйшөмбүдө Сальгар деген жерде болгон. Ага катуу жааган жаандан улам өз нугунан ашып кеткен жергиликтүү агын суулар себеп болду.

Медиктер азырынча 54 каза болгондор ким экени таанылганын, бирок көчкү астында дагы кишилердин сөөгү бар болушу мүмкүндүгүн билдиришет. Жаңы көчкүлөр дагы болушу ыктымал деген бийлик шаршемби күнү калкты алдын ала башка аймактарга көчүргөн. 

Каза болгондордун сөөгү качан жерге бериле турганы азырынча белгисиз, бирок Колумбиянын El Pais басылмасы билдиргендей, сөөктөр департаменттин борбору Медельинден мекенине жеткирилгенден кийин баары чогуу коюлат. Аталган шаарда азыр курман болгондордун аты-жөнүн так аныктоо үчүн зарыл изилдөөлөр жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0