АКШ соту "Мусулмандардын күнөөсүздүгү" тасмасын YouTube бетинен албоо жөнүндө чечим кабыл алды

© flickr.com / RegoYouTube логосу. Архив
YouTube логосу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сан-Францискодо 11 аппеляциялык соттун ону "Мусулмандардын күнөөсүздүгү" тасмасына карата цензура АКШ конституциясынын биринчи оңдоосуна ылайык сөз эркиндигине болгон укукту бузат деген чечимге келди.

БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Сан-Францисконун аймактык апелляциялык соту Google компаниясынын өзүнө тиешелүү YouTube видеохостинги "Мусулмандардын күнөөсүздүгү" тасмасын көрсөтүүдөн албай турганы жөнүндө арызы боюнча ишти компаниянын пайдасына чечти деп билдирет РИА Новости

Үч адамдан турган соттор коллегиясы мурда Мухаммед пайгамбардын өмүрү жөнүндө исламга каршы тасманы видеохостингден алып таштоо жөнүндө чечимин актриса Синди Ли Гарсия сотко тийиштүү арыз менен кайрылгандан кийин кабыл алган болчу. 

Клавиатура компьютера - Sputnik Кыргызстан
Хакерлер француз сайттарынын бетинде Charlie Hebdo дарегине коркутууларды жазган
Актрисанын арызы тасма жарыкка чыккандан кийин, аны коркутуулар башталып, ал эми тасманы жаратуучулар фильмдин чыныгы идеясы жөнүндө актрисага билдирбестен, ал тартылган кыска үзүндүнү исламга каршы видеого кошууга берип коюшканын ырастайт. Ошондой эле Синди Ли Гарсиянын айтымында, Мухаммед пайгамбарды мазактаган кадрларга үн кошуу үчүн актирсанын башка тасмадагы үнү колдонулган.

Тасманын трейлери пайда болгондон кийин бир катар ислам өлкөлөрүндө Америкага каршы нааразылык акциялары болуп, тасманы көрсөтүүгө көпчүлүк мамлекеттерде тыюу салынганын шейшембиде Deutsche Welle басылмасы билдирди.

Бирок Сан-Францискодо 11 аппеляциялык соттун ону "Мусулмандардын күнөөсүздүгү" тасмасына карата цензура АКШ конституциясынын биринчи оңдоосуна ылайык сөз эркиндигине болгон укукту бузат беген чечим чыгарды.

Фильмдин режиссёру АКШда жашоочу Накула Басела Накула (чыныгы аты Марк Бэссли Юсуф) өзүн египеттик христиан деп атайт. Накула аталган тасманы ислам коркунуч жаратып жаткан копт христиандарын колдоо үчүн атайын жасаганын айтат. 

Россияда "Мусулмандардын күнөөсүздүгү" тасмасы экстремисттик материалдардын федералдык тизмесине киргизилип, жайылтууга тыюу салынган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0