Филиппинде болгон өрттөн 58 киши каза тапты

© Sputnik / Кейтлин Оукс / Медиабанкка өтүүӨрт өчүрүүчү кызматчы. Архив
Өрт өчүрүүчү кызматчы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алдын ала маалыматка караганда, кырсыкка Маниланын бут кийим фабрикасында газ менен ширетүүчү жабдуунун жарылышы себеп болгон.

БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Маниладагы бут кийим фабрикасында чыккан өрт 58 адамдын өлүмүнө себеп болду деп билдирет РИА Новости Маниланын курамына кирүүчү Валенсуэланын мэри Рекслон Гатчалианга таянуу менен.

Мурдараак жергиликтүү ЖМКлар өрттөн 35 адам каза болгонун билдиришкен эле.

"Фабриканын он үч кызматкери дайынсныз жоголууда", — деген шаар башчысыны сөзүн DPA маалымат агенттиги билдирген.

Өрт туурасында кабар Филиппиндин куткаруучуларына Москва убактысы боюнча саат 07:00 чамасында келип түшкөн. Ишкана кызматкерлеринин бири белгилегендей, кеырсык газ менен ширетүүчү жабдуунун жарылышынан болгон. Өрттүн чыгышына имараттын башкы кире беришинде оңдоо иштери жүрүп жаткандыктан, өрт ширетүүчү жабдуудан чыккан учкун да себеп болушу мүмкүн деген ойду Гатчалиан билдирди.

Жоголгондорду издөө улантылып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0