Берлинде 1945-жылы курман болгон кыргыздардын аты жазылган такта орнотулду

© Пресс-служба МИД КРБерлинде 1945-жылы курман болгон кыргыздардын аты жазылга такта орнотулду
Берлинде 1945-жылы курман болгон кыргыздардын аты жазылга такта орнотулду - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Германиядагы Кыргызстандын элчилиги Улуу Ата мекендик согушка жана совет элине Берлиндеги "Трептов-парктагы" куткаруучу жоокерге тургузулган монументке гүл чамбар койду.

БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Берлиндеги "Трептов-паркында" 1945-жылы шаарды алууга катышып, курман болгон кыргыздардын аты жазылган такта орнотулду деп билдирди ТИМдин маалымат кызматынан. 

Ардагердин уулу: атам Берлиндин ачка тургундарын баккан
Маалыматта иш-чарага Германиядагы Кыргызстандын элчиси Болот Отунбаев жана аталган өлкөдө иш алып барган башка өлкөлөрдөн дипломатиялык миссиялары катышкан.

Маалыматта "Трептов-парктагы" боордоштор мүрзөсүндө коюлган 7000ден ашуун жоокердин арасында кыргызстандыктардын аты-жөнү жазылган такта орнотулгандыгы кабарланды. Мекендештерибиз 1945-жылы Берлинди алууда курман болушкан.

Алар:

  • 266-аткычтар дивизиясынын катардагы жоокери Бексултанов Жакубай, Фрунзе шаарында 1900-жылы туулган, 
  • 146-аткычтар дивизиясынын жоокери Жабуев Камчыбай, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда 1910-жылы туулган. 
  • 146-аткычтар дивизиясынын жоокери Иманбердиев Чаганбай, Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүрүндө туулган 1924-жылы туулган 
  • 176-дивизиянын жоокери Садабаев Бейчин, Фрунзе шаарында 1920-жылы туулган 
  • 146-аткычтар дивизиясынын жоокери Чадиев Осман-Али, Ош облусунда 1924-жылы туулган 
  • 146-аткычтар дивизиясынын жоокери Тыналиев Айтымбай, Кант районунун "Интернационал" колхозунда 1913-жылы туулган.
© Фото / Пресс-служба МИД КР"Трептов-парктагы" боордоштор мүрзөсүндө 7000ден ашуун жоокер коюлган
1/2
"Трептов-парктагы" боордоштор мүрзөсүндө 7000ден ашуун жоокер коюлган
© Пресс-служба МИД КРАл жерде 1945-жылы шаарды алууга катышып, курман болгон кыргыздардын аты жазылган такта орнотулду
2/2
Ал жерде 1945-жылы шаарды алууга катышып, курман болгон кыргыздардын аты жазылган такта орнотулду
1/2
"Трептов-парктагы" боордоштор мүрзөсүндө 7000ден ашуун жоокер коюлган
2/2
Ал жерде 1945-жылы шаарды алууга катышып, курман болгон кыргыздардын аты жазылган такта орнотулду

Германиядагы Кыргызстандын элчилигинин атынан Улуу Ата мекендик согушка жана совет элине "Трептов-парктагы" куткаруучу жоокерге тургузулган монументке гүл чамбар коюлду.


Жаңылыктар түрмөгү
0