Жеңиш майрамына карата "Россия cегодня" жаңы мультимедиалык долбоорду чыгарды

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүү"Россия сегодня" ЭМА. Архив
Россия сегодня ЭМА. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңы видеолорду Москвадагы ири жарнамалык такталардын көрсө болот. Ошондой эле, Можайск кан жолундагы бийик имараттардан, Химки шаарынын кире беришинен жана Санкт-Петербург менен Екатеринбургдагы коомдук транспорттордон көрүүгө болот.

БИШКЕК, 28-апр — Sputnik. Улуу Жеңиш күнүн утурлай "Россия cегодня" Эл аралык маалымат агенттиги Украинанын оң жээгин куткаруу учурун чагылдарган мультимедиялык долбоорду ишке киргизип, лонгрид  жана видеороликтерди чыгарды. 

Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата "Россия cегодня" Эл аралык маалымат агенттиги тарыхый окуяларды чагылдырган "Кызыл армиянын 15 соккусу" деген мультимедиялык видеолор менен Россиянын шаарларын кооздоону улантууда.

Жаңы видеолорду Москва шаарындагы ири жарнамалык такталардан – борбордук телеграфтын, "Гидропроект" институтунун, "Октябрь" кинотеатрынын имаратынан жана Можайск кан жолундагы бийик имараттардан, Химки шаарынын кире беришинен жана Санкт-Петербург менен Екатеринбургдагы коомдук транспорттордон көрүүгө болот.

Кызыл армиянын аскерлеринин Украинанын оң жээгин куткаруусу жөнүндө баяндаган ролик менен лонгриддер аскерлер эң көп катышкан аскердик операция тууралуу кенен маалыматтарды камтыйт. Бул аскердик операцияга советтик алты танка армиясы толугу менен чабуулга катышкан. Анда кышында жана жазында болгон кол салуулар көрсөтүлүп, эки тараптын колдорунун күчтөрү жана маанилүү тактикалык чечимдер тууралуу айтылат. Ийгиликтүү операциялардын жыйынтыгында Кызыл армия он миллиондогон жергиликтүү тургунду бошотуп, 1942-жылдан кийин биринчи жолу СССРдин мамлекеттик чек арасынан чыккан. 

Украинанын оң жээгин куткаруу – "Кызыл армиянын 15 соккусу" мультимедиалык циклдеринин төртүнчү лонгриди болуп эсептелет. Агенттиктин сайтынан Курс жана Сталинград согушунан тарта Ленинград камалоосунун хроникасына чейин даярдалган мультимедиялык материалдарды көрсөңүз болот. Бул кампания Экинчи дүйнөлүк согуш аяктаган күн – 2-сентябрга чейин уланат.

"Кызыл армиянын 15 соккусу" мультимедиалык долбоору үчүн "Россия cегодня" Эл аралык маалымат агенттигинин адистери толук маалымат берүүчү карталарды, инфографикаларды жасашкан. Агенттиктин жеке архивиндеги жана Мамлекеттик телерадионун архивиндеги видео, аудио жана фотометариалдар колдонулган. Аталган долбоор бүткүл россиялык "Жеңиш! 70 жыл" кампаниясынын бир бөлүгү болуп калды.

"Кызыл армиянын 15 соккусу" долбоорунун өнөктөштөрү — "LBL" (медиафасаддары) жана "1PTV" компаниясы (коомдук транспорттогу телеберүү).

Жаңылыктар түрмөгү
0