Дарыгерлер: дүйнөдө күн сайын кутурма оорусунан 160 адам өлөт

© Sputnik / Сергей Ермохин / Медиабанкка өтүүДарыгерлер: дүйнөдө күн сайын кутурма оорусунан 160 адам өлөт
Дарыгерлер: дүйнөдө күн сайын кутурма оорусунан 160 адам өлөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Медицина кызматкерлеринин эл аралык GARC консорциуму жер жүзү боюнча кутурма оорусунун жайылышына байкоо жүргүзүп, ар күнү бул ылаңды алып жүрүүчү иттин же башка жаныбардын тиштешинен 160 чакты киши каза болот деген жыйынтыкка келишкен.

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Кутурма оорусунун жайылышына жүргүзүлгөн глобалдуу мониторинг бул ылаңды алып жүрүүчү иттин же башка жаныбардын тиштешинен күнүгө 160 чакты киши каза боло турганын көрсөттү деп адистер PLOS Neglected Tropical Diseases журналына жарыяланган макалада билдиришкенин РИА Новости кабарлайт.

"Бул изилдөө кутурма оорусунун жайылышын көзөмөлдөөнү жакшыртып жана биздин башкы максатыбыз – аны толук жок кылууга карай жасаган алгачкы кадам болуп эсептелет. Оорунун чынында канчалык жайылганын түшүнүү бул коркунучтуу вируска каршы күрөшүү үчүн канча ресурс керектигин баалап түшүнүүгө мүмкүндүк берет", — деди Кутурма оорусун көзөмөлдөө боюнча глобалдуу альянстын (GARC) аткаруучу директору Луис Нель (Louis Nel).

GARC жана бир катар башка илимий ассоциациялар менен фонддордун өкүлдөрү Глазго университетинен (Шотландия) Кэйти Хэмпсонждун (Katie Hampson) жетекчилиги астында дүйнө боюнча кутурма оорусун иттен жуктуруп алган, айыккан же каза болгон адамдарды каттоого алышкан.

Ак-Талаа районунун Жаңы-Тилек айылынан кутурма чыгып, карантин киргизилди
Алардын эсеби боюнча, былтыр бул оорудан болжол менен 59 миң адам каза тапкан, демек күн сайын жер жүзүндө 160 адам кутурма оорусунан өлгөн. Алардын басымдуу бөлүгү өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө, айрыкча экватордук жана түштүк Африкага (20 миңге жакын каза болгондор), ошондой эле Индия менен Кытайга тиешелүү.

Өлүмдүн мындай көп санда болушу вакцинанын жана оорулууларды талаптагыдай дарылоонун жоктугуна, ошондой эле Африка өлкөлөрүнүн бийлиги иттер арасында эмдөө жүргүзбөгөнү жана жолбун иттерге байланышкан абалды көзөмөлдөбөгөнү себеп болот.

Окумуштуулар баса белгилегендей, бул маселени чечүү анча кымбатка турбайт. Өлүмдүн санын олуттуу кыскартуу үчүн ар бир жаныбарды эмдөө жүргүзүү талап кылынбайт. Иттердин айрым бөлүгүн гана эмдөө жетиштүү. Алардын айтымында, мындай чаралар бүтүндөй жер жүзүндө кутурма оорусун жоюуга алгачкы кадам болмок.

Жаңылыктар түрмөгү
0