OpEdNews: АКШнын түстүү технологиялары Вашингтондогу төңкөрүшкө алып келет

© Sputnik / Сергей Гунеев / Медиабанкка өтүүБарак Обама. Архив
Барак Обама. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чет мамлекеттерде бийлик алмаштыруу боюнча АКШнын иш-аракеттери Американын өзүндө күтүүсүз натыйжаларга алып келиши ыктымал.

БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Дүйнөнүн ондогон өлкөлөрүндө Американын түздөн-түз катышуусу менен бийликтин алмашуусу жакынкы арада америкалыктардын өзүн түстүү ыңкылаптарга туш кылышы мүмкүн деп билдирет РИА Новости OpEdNews аналитиги Жон Рейчелге таянуу менен.

Басылманын баяндамачысы бүгүнкү күндө Ак үй Венесуэлада, Россияда, Эквадордо, Боливияда жана, кыязы, Куба менен Кыргызстанда да өзүнө ыңгайлуу тартип орнотуу аракеттеринен баш тарта элек, бирок расмий Вашингтон аталган иштерде өзүнүн катыштыгын моюнга албайт деп жазат.

"Ак үйдүн олдоксон жасаган аракеттери ар түрдүү күбөлөр менен жетиштүү ырасталган жана көз карандысыз мамлекеттердин башчыларына асылуулары менен жакшы берлгилүү. Бирок бардык жагынан алганда АКШнын Мамлекеттик департаментинин өкүлү Жен Псаки жакында эле айткан Ак үй "башка өлкөлөрдө бийлик конституцияга каршы жол менен алмашуусуна терс мамиледе" экени тууралуу сөздөрү күлкү келерлик угулат", — дейт Рейчел.

Автордун айтымында, башка мамлекеттердин жетекчилери менен калкы америка бийлигине шектенүү менен карап калышты жана АКШга карата бардык сокур ишенүү сезиминдеринен арылууда.

"Эгер америкалык тургундар өзү азырынча бийликтин адеп-ахлаксыз жана мыйзамсыз гана эмес, коркунучтуу болуп бара жаткан "оюндарын" моюнга ала элек болсо, дүйнө жүзүнүн калган бөлүгү муну сонун түшүнүп калды. Кандай гана болбосун, Ак үйдүн өз билемдик кылган саясий иш-аркеттери эртедир-кеч бүтөт", — деп ой бөлүшөт Рейчел.

Грузиялык серепчи: Кыргызстан өлкөдөгү абалды чайпалтабыз дегендерге даяр болуш керек
Анын сөзүнө караганда, чет мамлекеттерди бийлик алмаштыруу боюнча АКШнын иш-аракеттери Американын өзүндө күтүүсүз натыйжаларга алып келиши ыктымал. Баяндамачы "улуттук, тарыхый мамлекеттик төңкөрүш болуп, ал… Вашингтондо бийликтин алмашуусуна алып келет" деп болжойт.

Окуялардын өөрчүү тездигин эске алганда, бул окуя өзүн узакка күттүрбөйт деп эсептейт Рейчел.

Жаңылыктар түрмөгү
0