Түркиянын көп аймагында электр жарыгы жапырт өчүп, башаламандыкты пайда кылды

© REUTERS / Osman OrsalОтключение электричества в Турции
Отключение электричества в Турции - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жергиликтүү убакыт боюнча саат 10:36да Түркиянын ири шаарларында электр жарыгы өчүп, метро, трамвайлар токтоп, башаламандык жаралды.

БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Түркиянын көпчүлүк аймагында электр жарыгы жапырт өчтү. Премьер-министр Ахмет Давутоглу электр кубатынын өчүшүнө "террордук кол салуу ыктымалдуулугу" да каралып жатканын билдирди деп Sputnik Türkiye сайты жазды.

Жергиликтүү убакыт боюнча саат 10:36да Стамбул, Анкара, Измир, Анталья сыяктуу ири шаарларда электр жарыгы жапырт өчтү. Андан сырткары Мармара, Эскишехир, Кутахья, Билежик, Бурса жана Кожаэли аймактары да жарыксыз калганы маалымдалды.

Стамбул шаарына саат 13-00дөн тарта электр энергиясы берилип, токтоп турган трамвай, метронын бир бөлүктөрү кыймылга келди. 

Түркиянын премьер-министри Ахмет Давутоглу масштабдуу авариянын себептери териштирилип жатканын белгиледи. Ал ошондой эле, "террордук сол салуу ыктымалдуулугу" да каралып жатканын кошумчалап, Энергетика жана Жаратылыш ресурстары министрлиги чукул жыйынга чогулганын айтты.

Жарыктын өчүшү менен жол кыймылы да кыйындап, светофорлор иштебей калды. Мындай абал айдоочулар менен жөө жүргөндөргө өтө кооптуулуктарды жана ыңгайсыздыктарды тартуулады.

Андан сырткары өлкөдөгү ири аба майдандардагы каттамдар үзгүлтүккө учурап, асманда коно албай айланган учактардын кезеги жаралганын жергиликтүү ЖМКлар жазып чыкты.

Түркияны электр энергиясы менен камсыздаган BEDAŞ жана AYEDAŞ компанияларынын интернет сайтына кирип, мындай алааматтын себебин билүүнү каалаган колдонуучулардын көптүгүнөн, алардын сайттары иштен чыкты.

Жаңылыктар түрмөгү
0