Окумуштуулар: Сахарадан шамал Америкага жыл сайын 182 млн тонна кум алып барат

© Фото / NASA Goddard's Scientific Visualization StudioТак художник представил себе потоки пыли, изучаемые при помощи CALIPSO
Так художник представил себе потоки пыли, изучаемые при помощи CALIPSO - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Климатологдор Африкадан Түштүк Америкага шамал менен учуп барып жана амазон токтойлорунун ийгиликтүү жашашына керектүү микроэлементтерди жеткирүүчү кумду "таразалашты".

БИШКЕК, 28-фев — Sputnik. Жыл сайын 182 миллион тонна кум субтропикалык шамалдар менен бирге Амазонияга учуп барат. Ал эми анын башаты Сахарада жатат деп билдирет РИА Новости Geophysical Research Letters журналына таянуу менен.

"Жердин өпкө түтүктөрү" климатологдор менен экологдордун ою боюнча сырттан колдоосу жок өз алдынча иштей албайт. Аларга Африка чөлү жардамга кол сунууда. Жаандын суусу менен жердин топурагына жуулуп сиңе турган фосфор, калий жана башка көп сандагы нутриенттер субэкваториялык шамалдардын аркасында чаң жана кум менен кошо кайра Амазонияга кайтып жатат.

Мэриленд университетинен (АКШ) Хунбинь Ю өз макаласында билдиргендей, Африка континентинен Түштүк Америкага ташылып келип жаткан микроэлементтердин көлөмүн билүү өтө зарыл болчу. Бул жөнүндө малыматтар климат өзгөрө баштаган учурда чоң роль ойнойт дейт окумуштуу. 

"Түштүк Африкага келип түшүп жаткан нутриенттүү кумдун жетишсиздиги абадагы көмүр кычкылынынкөлөмүнө таасир кылат. Өз кезегинде бул Амазонияда токойлордун өсүшүн жайлатат. Натыйжада адамзаты глобалдуу жылуулануунун тездешине туш болушу ыктымал", — деп божомолдойт Хунбинь Ю.

Климаттын өзгөрүүсүнө тынчсызданган америкалык изилдөөчүлөр "трансконтиненталдык" кумдун жылдык салмагы канча экенин билүүнү чечишкен.Бул үчүн CALIPSO спутнигинин климаттык маалымттарды топтоочу жабдыгы түүлүп, аны тогуз жыл мурун НАСА менен CNES француз агенттиги коё берген.

Андан тышкары, окумуштуулар Амазония менен Кариб аралдарына чаңдардын үлгүлөрүн алып, алардын химиялык курамын изилдөө үчүн экспедиция жасашкан.

Кумдун көчүп жүрүшүнө байкоо салууга экологдор жети жыл жумшап, ошондон кийтн гана алар алынган маалыматтарды басып чыгарышты. Алардын маалыматтары жыл сайын Түштүк Африка тарапка шамал менен 182 миллион тонна кум жана чаң көчө тургандыгын көрсөтөт. 15 пайызга жакыны бир континенттен экинчи континентке жепей, Атлантика океанына чөгөт. 

Макалада берилгендей, амазон токоюна чейин жетүүчү 130 миллион тонна кумдун ичинде 22 миң тонна ган фосфор баалуу болуп эсептелет. Дагы ошончолук нутриенттер жаан-чачын жана агын суулардын аркасында Амазониянын топурагына жетпей калат. Платнетанын "тропикалык өпкөсүнүн" өмүрүн сактоого табиятта кумдун дал ушундай айланып көчүп жүрүшү жардам берет деп эсептейт Хунбинь Ю.

Бирок климаттык өзгөрүүлөр Амазонияга кандай таасир бере турганын толук билүү үчүн жети жылдык изилдөөлөр аздык кылат деп моюнга алышат экологдор. Кумдун кыймылына байкоо жүргүзүлгөн мезгил ичинде сандар эки эсе өсүп кайра эки эсе азайгандыгын белгилешкен изилдөөчүлөр. 

Жаңылыктар түрмөгү
0