Афганистанда кар көчкүдөн курман болгондордун саны 124 адамга жетти

© AFP / SHAH MARAI Афганистанда кар көчкүдөн курман болгондордун саны 124 адамга жетти
Афганистанда кар көчкүдөн курман болгондордун саны 124 адамга жетти - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кар көчкүсү өлкөнүн түндүк-чыгышындагы төрт провинцияда жүрдү. Панджшер провинциясы баарынан көп жабыркап, ал жерде 100гө жакын үй кыйрап калган деп билдирет Афганистандын Табигый кырсыткардын кесепеттерин жоюу борборунун директорунун орун басары Аслам Сиас.

БИШКЕК, 26-фев — Sputnik. Афганистандын түндүк-чыгышында кар көчкүсүнөн курман болгондордун саны 124 адамга жетти деп шаршембиде РИА Новости Ассошиэйтед Пресс агенттигине таянуу менен билдирди. Мурдараак 100дөн ашык адам курман болду деп кабарланган эле.

Кар көчкүсү өлкөнүн түндүк-чыгышындагы төрт провинцияда жүрдү. Панджшер провинциясы баарынан көп жабыркап, ал жерде 100гө жакын үй кыйрап калган деп билдирет Афганистандын Табигый кырсыткардын кесепеттерин жоюу борборунун директорунун орун басары Аслам Сиас.

Панджшер провинциясындагы полиция башчысынын маалыматына ылайык, курман болгондордун саны дагы өсүшү мүмкүн. Издеп-куткаруу иштери бейшембиде да уланууда.

Панджшер — Афганистандын 34 провинцияларынын бири. Калкынын саны 144,4 миң адамды түзөт (33-орун). Административдик борбору болуп Базарак шаары эсептелет. Провинцияда АКШ жетекчилик кылган НАТОнун башкы күчтөрү жайгашкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0