Украинадагы каатчылыктан "тынчы кеткен" АКШ санкциялар менен коркутууда

© Sputnik / Екатерина Чеснокова / Медиабанкка өтүүВашингтон. Архиыное фото
Вашингтон. Архиыное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"ЕБ менен бирге биз кысым кѳрсѳтүүнү олуттуу жогорулатуу боюнча аракеттерди кѳрѳбүз", — дейт Жош Эрнест.

БИШКЕК, 22-фев — Sputnik. Белоруссияда жетишилген макулдашуулар аткарылбай турган болсо, Расмий Вашингтон Кремлге каршы дагы санкцияларды киргизүүнү пландап жатат деп билдирет РИА Новости Ак үйдүн ѳкүлү Жош Эрнестке таянуу менен.

Эрнесттин айтымында, Украинанын түштүк-чыгышында Москванын колдоосу менен болуп жаткан кагышуулар токтобой жатканына администрация "терең тынчсызданууда". Мындай абал Минскте кол коюлган макулдашууларга туура келбейт, жана ал чырдашып жаткан бардык тараптарды макулдашуулардын бардык пункттарын аткаруунун үстүндѳ иштѳѳгѳ чакырды. 

"Россия башчысынын альтернативалык жолу бар, жана эгер Кремль ѳзүнѳ жүктѳлгѳн милдеттемелерди аткарбаса, анда мындай кыймыл-аракеттин баасы дагы ѳсѳт", — деди администрациянын ѳкүлү.

ЕБ менен бирге кысым кѳрсѳтүүнү олуттуу жогорулатуу боюнча аракеттер кѳрүлѳт дейт Эрнест

"Чече турган бир гана суроо бар: Кремль ѳз кѳз караштарын кайра карап чыгышы үчүн санкциялык чекти канчалык кѳтѳрүү керек", — деп белгиледи Ак үйдүн ѳкүлү.

Россиянын жетекчилиги Донбасстагы чыр-чатакка тиешеси жоктугун жана Украинадагы тирешүүнүн эч бир тарабында эместигин бир нече жолу расмий белгилеген. Ал гана эмес, РФ ыктыярчылар топторун курал-жарак, ок-дарылар менен камсыз кылбагандыгын чечкиндүү билдирген.

Батыш ѳткѳн жылдын жаз мезгилинин башында Россияга каршы санкцияларды киргизген. "Кара тизмеге" саясий ишмерлер, ишкерлер жана ири компаниялар кирген. Акыркы жолу санкцияларга Крым жарым аралы дуушар болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0