Атамбаев терроризмден каза болгон жарандары үчүн Египет президентине көңүл айтты

© REUTERS / Ammar AwadКаза болгондорду символикалык узатуу
Каза болгондорду символикалык узатуу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Египет президентине көңүл айткан Атамбаев Кыргызстан терроризмдин бардык көрүнүштөрүн чечкиндүү түрдө айыптаарын билдирди.

Бишкек, 19-фев. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Египеттин президенти Абдель Фаттах Ас-Сисиге "Ислам мамлекети" террористтик топтун жоочулары тарабынан египеттик жарандардын өлтүрүлгөндүгүнө байланыштуу көңүл айтты.

"Кыргызстан терроризмдин бардык көрүнүштөрүн чечкиндүү түрдө айыптайт. Терроризмдин ар кандай актылары кылмыш болгондуктан, ал иштерди эч качан актоого болбойт", — деп айтылат мамлекет башчысынын көңүл айтуусунда.

Атамбаев каза болгондордун туугандарына жана жакындарына, ошондой эле Египеттин жалпы элине оор жоготууга байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтты.

"Ислам мамлекети" террористтик тобу туурасында кенен маалыматты Sputnik даярдаган инфографикадан көрсөңүздөр болот >> 

Жаңылыктар түрмөгү
0