Кыргызстандыктар Рязань облусуна көчүп барып, жайгаша алат

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүАрхив. Мигранттар.
Архив. Мигранттар. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ал жакка көчүп баргандар Рязань облусунун эмгек потенциалын жогорулатып, андан сырткары социалдык-экономикалык жана демографиялык жактан өнүгүшүн шарттайт.

БИШКЕК, 9-фев — Sputnik. Россиянын премьер-министри Дмитрий Медведев "Рязань облусуна өз ыктыяры менен көчүп бара турган чет өлкөлөрдө жашаган мекендештерге көмөк көрсөтүү" туурасындагы документке койду. Бул туурасында маалымат РФ өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланды. 

Документтин негиздеме-тастыктамасында "Бул программаны ишке ашыруу Рязань облусунда иштегендердин потенциалын жогорулатып, анын социалдык-экономикалык жана демографиялык жактан өнүгүшүн шарттайт", — деп айтылат.

Программанын алкагында аталган регионго 2017-жылга чейин 537 адам көчүп бара алат. Аталган аймакка өз ыктыяры менен бара тургандарга түрткү берүү үчүн уюштуруу, укуктук, социалдык-экономикалык жана маалыматтык шарттарды жакшыртуу каралып жатат. 

Чек жактарда жашаган мекендештерди Россия Федерациясынын аймагына көчүрүү боюнча мамлекеттик программа тогуз жыл мурда эле иштеп баштап, 2012-жылга чейин узартылган. Бул убакыт ичинде, РФ аймагына 150 миң киши барган. Россиянын аймагына көчүп баргандар үчүн мамлекет 240 миң рубль, ал эми үй-бүлө мүчөлөрүнө 120 миң рубль өлчөмүндөгү жөлөк пул каралат.

Жаңылыктар түрмөгү
0