Венгриялык саясатчы: санкциялар Россияга эмес, Европа биримдигине көбүрөөк зыян келтирүүдө

© AFP / Emmanuel DunandШтаб-квартира Европейской комиссии в Брюсселе, Бельгия.
Штаб-квартира Европейской комиссии в Брюсселе, Бельгия. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Венгриянын адам ресурстары боюнча министри Золтан Балог энергетика маселелери боюнча Брюсселдин кайдыгерлигинен Венгрия менен РФтин өз ара аракеттешүүлөрүн кеңейтүүгө туура келет деп белгиледи.

БИШКЕК, 5-фев — Sputnik. Санкциялык саясат Москвага караганда Европа биримдигине көбүрөөк зыян келтирип жатат дейт Венгриянын адам ресурстары боюнча министри Золтан Балог Польшанын Gazeta Wyborcza гезитине берген маегинде деп билдирет РИА Новости

"Венгрия Россияга каршы санкциялар максатка ылайык эмес деп эсептесе да, аларды колдогон. Венгрлер да, бүтүндөй ЕБ өзү да РФке караганда көп жоготууларга учурап жатпайбы. Бирок биз Европа биримдигинин санкцияларын, экономикалык жагын карабай, колдоого аргасызбыз", — деди Балог.

Саясатчы түшүндүргөндөй, венгрлер ар түрдүү мамлекеттер менен диалог түзүү аракетин көрүп жатат ал эми Москвага келгенде венгр саясаты Венгриядан эле көз каранды эмес.

Ошондой эле Венгриянын министри энергетика маселелери боюнча Брюсселдин кайдыгерлигинен Венгрия менен РФтин өз ара аракеттешүүлөрүн кеңейтүүгө туура келет деп белгиледи.

"Европада тынчтык орноп турган мезгилде газ менен камсыз кылуунун башка жолдорун иштеп чыгуу керек болчу. Муну жасабай койгон үчүн эми бүгүн Венгрия толугу менен Россиянын энергия ресурстарынан көз каранды. Жана Венгриянын атомдук электр станциясын курган россиялыктар гана аны жаңылап жана жакшырта алат", — деп баса белгиледи венгр саясатчысы.

Жаңылыктар түрмөгү
0