Германиянын саясатчылары Вашингтонду Киевге курал берүүдөн баш тартууга чакырды

© AFP / John MacdougallАрхив: Германия
Архив: Германия - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тышкы саясат боюнча талдоочу Юрген Триттин Киевге курал берген учурда жарыша куралдануу кайра башталышы мүмкүн деп билдирет жана мындайга "жол берүүгө" болбойт деп эсептейт.

БИШКЕК, 4-фев — Sputnik. Немис социал-демократы жана тышкы саясат боюнча серепчи Нильс Аннен Американын аскер техникасын Украинага берүү максатка ылайык келбейт жана анын түштүк-чыгышындагы кырдаалды дагы курчутуп жиберет деп эсептейт деп билдирет РИА Новости Der Spiegel журналына таянуу менен.

"Украина үчүн Америка бере турган жабдуу коркунучтуу куралга айланат. Ал чыр-чатактын дагы күчөшүнө алып келиши мүмкүн", — дейт Аннен.

Анын пикиринде, Украинадагы каатчылык абалды аскер ыкмалары менен чечүүгө болбойт. Украина аскери чабуул коюу аракеттеринде ийгиликке жетишпей калышын серепчи айкын мисал катары келтирди. Украинадагы оор кырдаалды чечүүнүн "татаал, бирок туура жолу" деп сүйлөшүүлөрдү эсептейт. 

Тышкы саясат боюнча талдоочу Юрген Триттин мүчөсү болгон Жашылдар партиясы украиналыктарга америкалык курал-жарактар берилип калса, ал "от менен ойногондук" болот деген ою менен, немис социал-демократтардын көз караштарын колдойт.

Триттин, Киевге курал берген учурда жарыша куралдануу кайра башталышы мүмкүн жана мындайга "жол берүүгө" болбойт деп деп эсептейт деп белгилейт Presseportal гезити.

"Эгер Вашингтон Украинага курал-жарак бере турган болсо, кансыз согуш мезгилиндеги курал-жаракты жарыша көбөйтүүгө умтулуучулук акыл-эстүүлүктү кайра жеңип кетет", — дейт серепчи.

Немис канцлери Ангела Меркель мурдараак Венгрияда өткөн маалымат жыйынында Германия Украина бийлигине курал-жабдык жагынан колдоо көрсөтпөй тургандыгын билдирген. 

Американын New York Times гезитинде Ак үй Киевге курал-жабдык берүү мүмкүнчүлүгүн талкуулап жатат деп жазган. НАТОнун европалык башкы компандачысы америкалык генерал Филип Бридлав Украинага "коргонуу үчүн курал-жарак берүүнү" колдогон пикирин айтты деп жазат гезит. Басылманын маалыматына ылайык, Пентагон менен Ак үйдүн жетекчилигиндеги айрым адамдар да ушундай пикирде. 

Ушуну менен катар гезит "президент курал-жарак жагынан мындай жардам көрсөтүү жөнүндө чечим кабыл алган эмес", бирок "Украинанын аскерлери акыркы кездерде бир нече жолу олуттуу жеңилип калгандан кийин Ак үйдүн администрациясы аскердик жардам көрсөтүү маселесин кайра көтөрүп жатат" деп баса белгилеген. АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри, гезитте белгиленгендей, "курал-жарак берүү жөнүндө талкууларды угууга даяр". Бул маселе боюнча сүйлөшүүлөрдө, мүмкүн, АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн штаб башчыларынын биргелешкен комитетинин төрагасы генерал Мартин Демпси да катышуусу ыктымал деп белгилейт New York Times.

Жаңылыктар түрмөгү
0