Япониялык өндүрүүчүлөр автоунааларын от чагылуу мүмкүндүгүнөн кайра алып жатат

© Sputnik / Руслан Кривобок / Медиабанкка өтүүМосковский Международный Автомобильный Салон 2012
Московский Международный Автомобильный Салон 2012 - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эшик каптамынын сапатсыздыгынан салонго кирүүчү суу автоунааларды сатуудан массалык түрдө кайра алууга себеп болду. Андан электр өткөргүчүндө кыска от чагылып кетиши мүмкүн.

БИШКЕК, 29-янв — Sputnik. Япониянын автоунаа чыгаруучу Nissan Motor жана Toyota Motor ири ишканалары электр өткөргүчтө от чагылып кетиши мүмкүндүгүнөн өз өндүрүмдөрүн кайра артка алуу жөнүндө чечим кабыл алышты деп билдирет РИА Новости.

Кайра артка алынып жаткандар — европалык Nissan Qashqai унаасынын америкалык аналогу болуп эсептелген Rogue кроссовери жана 2008-2013-жылдары чыгарылган Pathfinder унаасы. Nissan Motor бардыгы болуп 768 миң автоунааны кайра ишканага кайтарып жатат. 

Кайра артка алынып жаткан машиналардын көпчүлүгү Түштүк Кореяда, Түндүк Америка өлкөлөрүндө жана Тайвань аралында сатылган. Япон рыногунда бул маркадагы автоунаалар сатылган эмес. 

Эшик каптамынын сапатсыздыгынан салонго кирүүчү суу автоунааларды сатуудан массалык түрдө кайра алууга себеп болду. Андан электр өткөргүчүндө кыска от чагылып кетиши мүмкүн.

Атактуу Toyota Motor да эң алдыңкы деген кадыр-баркын жоготпоо үчүн өзүнүн Америкага сатылган өндүрүмүн кайра артка алып жатат. Avalon классындагы 52 миң автоунаасы кайра кайтарылышы керек.

Мында да багаж бөлүмүндө электр өткөргүчтөгү кыска от чагылуу себеп болду. Компаниянын адистеринин пикиринде сабвуфердин өткөргүчтөрүнүн башка металл элементтерине узак убакыт тийишүүсү кыска оттун чагылышына алып келиши ыктымал. 

Автомоторлуу унаада кыска оттун чагылышы коркунучтуу болуп эсептелет. Ал электр чиркеминин иштешин бузуп, жылуулуктун көп бөлүнүп чыгышынан ток өткөрүүчү бөлүктөр эрип жана тутанып кетиши ыктымал.

Жаңылыктар түрмөгү
0