ЕККУ Донбасста ок атууларды токтотууну талап кылат

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүАрхив: ОБСЕ кызматкери
Архив: ОБСЕ кызматкери - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Донецкте коомдук унаа токтоочу аялдамага ок атылган. Расмий эмес маалыматтарга ылайык, 15 карапайым тургун ок жаңылуудан каза тапты. ЕККУ жөнөкөй тургундар кырдаалдын курмандыгы болууда деп белгилейт.

БИШКЕК, 23-янв — Sputnik. ЕККУнун Украинадагы миссиясы Донецкте аялдамадагы окуядан кийин Донбасста ок атууларды дароо токтотуп, куралдуу күчтөрдү алып кетүүнү талап кылды деп билдирет РИА Новости уюмдун атайын мониторинг жүргүзүү миссиясынын башчысы Майкл Бочуркивге таянуу менен.

"Волновахадагыдай эле, жөнөкөй тургундар жагдайдын курмандыгын айланып жаткандыгын белгилөө биз үчүн жагымсыз. Биздин миссия атышууну токтотуп, куралдуу күчтөрдү алып кетүүгө чакырат", — деди Бочуркив "Вести. Украина" радиосунан.

Шаршембиде аялдамага ок атуу болуп, натыйжада расмий эмес маалыматтарга ылайык, 15 карапайым тургун каза тапкан. Өз алдынча жарыяланган Донецк Элдик Республикасынын бийлиги 13 адам курман болгонун расмий билдирет. 

ДЭРдин ыктыйарчылар командиринин орун басары Эдуард Басурин РИА Новости агенттигине алардын жоокерлери Донецкте аялдаманы атууга тиешеси болушу мүмкүн делген диверсиялык топту кармаганын кабарлады.

Ошол эле учурда расмий Киев 15 адамдын өлүмүнө алып келген ок атууларга Украинанын Коргоо министрлигинин аскерлеринин тиешеси жок деп билдирет.

"Жүргүнчүлөрдүн унаасына аскердик кагышуулар жок тараптан ок атылган. Троллейбус ТКОнун күчтөрү жайгашкан жерден 15 чакырымдан ашык аралыкта турган жеринен аткыланган", — деп айтылат билдирүүдө.

Ошону менен бирге аскер ведомствосу окуяга ыктыярчыларды күнөөлөп, алар “унааны шаардын мыйзамсыз аскер түзүмдөрү каратып алган эл жашоочу отурукташкан жагынан аткылашты" деп кошумчалаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0