Мадагаскарда шамал 46 адамдын өмүрүн алып кетти, 120 миңи үйсүз калды

© Sputnik / Антон Денисов / Медиабанкка өтүүАрхив: Мадагаскар аралынын жашоочулары
Архив: Мадагаскар аралынын жашоочулары - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Расмий маалыматтарга караганда, Мадагаскардын аймагынын дээрлик жарымы табигый кырсыкка кабылды. Өлкөнүн 22 аймагынан 10у жабыр тартып, каза болгондордун көбү имараттардын урандыларынын астында калган, ошондой эле суу каптоодон пайда болгон жер көчкүлөргө туш болушкан.

БИШКЕК, 22-янв — Sputnik. Тропикалык "Чедза" шамалынын кесепетинен курман болгондордун саны 46га жетти, ал эми аралдын дагы 120 миң тургуну баш калкасыз калды деп билдирет РИА Новости Мадагаскардын бийлиги берген маалыматтарга таянуу менен.

На Филиппинах из-за тайфуна эвакуировали миллион человек
Шершемби күнү, 21-январда жергиликтүү бийлик 14 адам каза болгонун билдирди.

"Чедза" циклону 22 аймактан турган аралдын 10 аймагына кыйроолорду алып келди. Деңизден соккон атуу шамалдын соккусунун өлкөнүн борбордук Вакинанкаратра аймагында 12 адам курман болду. Башка аймактарда каза болгондор имараттардын урандыларынын астында калып, же суу каптоодон пайда болгон жер көчкүлөргө туш болушту. 

Аралдын өкмөтү үйсүз калган бардык жарандар үчүн мектептерде жана башка коомдук жайларда убактылуу баш калкаларды уюштурду.

Жаңылыктар түрмөгү
0