Кытайдын полициясы 60 миң адамды кармап, 11 тонна баңги затын алды

© Фото / Mr ThinktankПолицейская машина в Китае
Полицейская машина в Китае - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Жүздөгөн шаарларда баңги заттарга тыюу салабыз" улуттук иш-чаранын алкагында өткөн жылдын төрт ай ичинде полиция кызматкерлери баңгиге байланышкан 52 миң 800 кылмыш ишинин аягына чыкты.

БИШКЕК, 16-янв — Sputnik. Кытайдын полициясы 2014-жылдын сентябрь айынан декабрына чейин 11 тонна баңги затын алып, баңгини чыгарып жайылткандыгы үчүн күнөөлөнүүчү 60 миңден ашуун адамды кармады деп билдирет РИА Новости "Синьхуа" агенттигине таянуу менен.

"Жүздөгөн шаарларда баңги заттарга тыюу салабыз" улуттук иш-чаранын алкагында өткөн жылдын төрт ай ичинде полиция кызматкерлери баңгиге байланышкан 52 миң 800 кылмыш ишинин аягына чыкты", — деп билдирет КЭРдин Коомдук коопсуздук министрлиги.

Жеки Чандын уулу баңги зат үчүн Кытайда жарым жылга түрмөгө камалды
Кытайдын бийлиги тарабынан 180 миң баңги адам жазага тартылды. Дагы 50 миңден ашууну баңгиден көз карандылыгын күчтөп дарылоо үчүн бейтапканаларга жиберилген. Баңгиликке каршы күрөшүү боюнча жалпы улуттук иш-чара 2015-жылдын апрелине чейин уланмакчы.

2014-жылдын июнь айында Кытайдын жетекчиси Си Цзиньпин анын мамлекети жарандардын баңгиликке байланышкан бардык иш-аракеттерин ырайымсыз жазалап, аларды токтотууга катуу чараларды көрөт деп билдирген. Баңгилик үчүн Кытай Элдик Республикасында катуу жазаланат жана айрым учурларда өлүм жазасы колдонулат.

Жаңылыктар түрмөгү
0