Саакашвили: ИГИЛде Грузиянын жүздөгөн жарандары согушуп жүрөт

© Sputnik / Павел Паламарчук / Медиабанкка өтүүАрхив: бывший президент Грузии Михаил Саакашвили во время визита во Львов.
Архив: бывший президент Грузии Михаил Саакашвили во время визита во Львов. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Грузиянын мурдагы президенти жакынкы чыгыштагы террордук уюмдун катарында жарандарынын согушуп жүргөндүгү үчүн Грузия бийлигин күнөөлөдү.

БИШКЕК, 13-янв — Sputnik. Грузиянын мурдагы президенти Михаил Саакашвили жакынкы чыгыштагы "Ислам мамлекети" террордук уюмдун катарында жарандарынын согушуп жүргөндүгүнө жол бергендиги үчүн Грузия бийлигин күнөөлөдү. Бул туурасында РИА Новости маалымдады. 

"Сирияга Грузиядан жүздөгөн жарандарыбыз жөнөтүлгөн. "Улуттук партиянын" (Саакашвилинин партиясы) жалданган тыңчылары болгон грузиндер өз ыктыяры менен Украинада согушуп жүрөт деп күнөөлөгөндүн ордуна, Сирияга алданып, агылып кетип жаткандар туурасында ооз ачып койбойбу. Албетте, эми бул Грузиянын кызыкчылыгына кирбейт да", — деди дүйшөмбүдө кечинде Саакашвили "Рустави — 2" деп аталган телекомпаниядан АКШдан чыгып сүйлөп. 

Мухамедсадыр: Сирияга адам жөнөткөнүмө өкүнүп отурам
Грузиянын Коргоо министрлиги декабрда Украинада жүргөн 32 жаштагы ыктыярчы Александр Григолашвилинин өлүмүн Грузиянын мурдагы бийлигинин өкүлдөрүнүн, тагыраагы Саакашвилинин жоопкерчилигине жүктөгөн. Аталган өлкөнүн премьер-министри Ираклий Гарибашвили кийинчерээк "грузиянын аскерлери Украинадагы согуштук операцияларга катышпагандыгын" айтып, Украинадагы чыр-чатакка грузиялык аскерлерди тартып жаткандыгы туура эмес деп мурдагы президентти күнөөлөгөн.

Бир катар жалпыга маалымдоо каражаттары Сирияда Грузиянын Панкисси капчыгайынан 50дөн 100гө чейинки жарандары катышып жүргөндүгүн жазышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0