ДЭР: ыктыярчылар турган жерлерге аскерлердин ок атуулары бир күндө 80ден ашты

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүАрхив: Донецк
Архив: Донецк - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Украинанын куралдуу күчтөрү ыктыярчылардын ээлеген жерлерине 82 жолу ок атууларды жүргүзүп, анда түрдүү артиллерия колдонулду деп билдирди ДЭРдин Коргоо министрлигинин өкүлү.

БИШКЕК, 12-янв — Sputnik. Украинанын артиллериясы Донбасста убактылуу элдешүүнү бир күндө 82 жолу бузду, натыйжада карапайым тургундар каза таап жана жабыр тартышты деп билдирет РИА Новости ДЭРдин Коргоо министрлигинин өкүлүнө таянуу менен.

"Ок атуу учурунда алты карапайым адам жабыр тартып, алардын экөө курман болду. 14 жашар өспүрүм да жарадар болгон. Донецкте бир күндө ок 62 жолу үйлөргө тийген", — деп айтты Коргоо министрлигинин өкүлү.

БУУ: Украинада миллиондон ашык адам өз үйлөрүн таштап кетти
Ошондой эле күч кызматкерлери ар түрдүү артиллериялык куралдарды, анын ичинде реактивдүү куралдарды да колдонгон. Ок атууларга Донецктин Куйбышев, Киев жана Петров райондору, Макеевка шаарынын Червоногвардейский району дуушар болгон. Донецктин мэриясынан 3-январдан бери шаарда үч карапайым тургун каза таап, дагы 17си жарадар болгондугун билдиришти.

Өз кезегинде украиналык күчтөр акыркы күнү өз позицияларына 63 жолу ок атуулар болгондугун билдиришти.

Жаңылыктар түрмөгү
0