Рогозин: сөз эркиндигин кордоп-кемсинтүү эркиндигине алмаштырууга болбойт

© AFP / Jean-SebastienМарш памяти жертв терактов в Париже
Марш памяти жертв терактов в Париже - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
РФтин вице-премьери Дмитрий Рогозин Францияда Charlie Hebdo сатиралык журналынын редакциясында болгон бир нече теракт боюнча өз пикирин айтып жатып, терроризмди эч нерсе актабай тургандыгын, бирок сөз эркиндиги шылтоосу менен адамдардын терең сезимдерин кордоого жол берилбеш керектигин билдирген.

БИШКЕК, 12-янв — Sputnik. Россиянын вице-премьери Дмитрий Рогозин терроризм эч актоого жатпай турган каргаша, бирок сөз эркиндигин кордоп-кемсинтүү эркиндигине алмаштырууга болбойт деп эсептейт деп билдирет РИА Новости. 

"Терроризм — бул каргашалуу көрүнүш. Аны эч бир актоого болбойт. Бирок сөз эркиндигин да адамдардын терең сезимдерин кордой турган эркиндикке айландырбоо керек", — деп жазган Рогозин өзүнүн Twitterдеги микроблогунда.

Парижде миллиондон ашуун адам терроризмге каршы жүрүшкө чыкты
Францияда теракттар менен кырсыктуу окуялар шаршемби күнү эртең менен Charlie Hebdo сатиралык журналынын редакциясындагы кол салуудан башталган. Аталган журнал өз беттеринде Мухаммед пайгамбардын карикатурасын чыгарган болчу.

Үч күндө 17 адам, анын ичинде үч полиция кызматкери каза болду. Жума күнү өткөрүлгөн эки атайын операциянын жүрүшүндө үч террорист жок кылынган.

Жекшембиде Франциянын тарыхындагы эң чоң акция өтүп, ага 3,7 миллиондон кем эмес адам катышты. Иш-чаранын максаты теракттардын курмандыктарын эскерүү жана сөз эркиндигин колдоп, терроризмге каршылык билдирүү болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0