КРдин студенттери эки диплом – биздин жана Россиянын дипломдорун ала алат

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүОбучение студентов в Омской медицинской академии
Обучение студентов в Омской медицинской академии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кемеров шаарында өткөн семинарда Россия менен Кыргызстандын ортосунда илимий изилдөө, студенттер менен өз ара алмашуу, окутуунун түйүндүк ыкмасы жана биргелешкен билим берүү программаларын иштеп чыгуу тармагында келишимдер түзүлдү.

ММУ Европанын өнүгүп келе жаткан өлкөлөрүнүн мыкты окуу жайы деп аталды
БИШКЕК, 24-дек — Sputnik. Кемеров шаарында (РФ) өткөн "Евразиялык интеграция алкагында Россиянын, Кыргызстандын жана Тажикстандын цивилизациялык өнүгүүсү" илимий-практикалык семинарында РФ менен Кыргызстандын ортосунда кызматташтык жөнүндө келишимдерге кол коюлду деп билдирди шейшембиде "Биримдик" коомдук фондунун аткаруучу директору Олег Сернецкий.

Семинар 2014-жылдын 15 – 16-декабрында Россия Федерациясынын Билим берүү жана илим министрлигинин колдоосу астында Кемеров шаарындагы Азык-түлүк өнөр жай технологиялык институтунда өттү.

Семинарга Россиянын, Кыргызстандын жана Тажикстандын билим берүү тармагынын элүүдөн ашык өкүлү келди. КРден бул иш-чарага окумуштуулар, окутуучулар, чиновниктер жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышты.

Сернецкий белгилегендей, семинарда евразиялык интеграциянын тарыхый аспекттери, анын жаралуу жана өнүгүү булактары жөнүндө кеп козголду.

"Байыртан эле Евразия континентинде соода-сатык жана маданий карым-катнаш жандуу жана жемиштүү жүргүзүлүп келгенди баарыбызга маалым. Жана бүгүнкү күндө бул кызматташтык Кыргызстандын ЕЭБге кириши менен өзгөчө мүнөзгө ээ болууда", — деди коомдук ишмер.

Жолугушуунун жүрүшүндө Россия менен Кыргызстандын, Россия менен Тажикстандын, Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда илимий изилдөө, студенттер менен алмашуу, окутуунун түйүндүк ыкмасы жана биргелешкен билим берүү программаларын иштеп чыгуу тармагында келишимдер түзүлдү.

"Семинардын жыйынтыктары боюнча биздин өлкөнүн үч жогорку окуу жайы — Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети, Ош техникалык университети жана Скрябин атындагы Кыргыз улуттук айыл-чарба университети Кемеров азык-түлүк өнөр жай технологиялык институту менен кызматташуу жөнүндө келишимдерди жана макулдашууларды түздү. Мисалы, эми биздин студенттер бизде эки жыл окугандан кийин өз билимин Кемеровдо улантып, жогорку билими тууралуу эки — Россиянын жана биздин дипломду ала алышат. Ошону менен бирге алар азык-түлүк өнөр жайы боюнча биргелешип түзүлгөн ишканаларга орношууга мүмкүндүк алышат", — деп белгиледи Сернецкий.

Мындан сырткары, жогорку окуу жайлары аралыктан билим берүү боюнча да кызматташа турган болду, бул илимий изилдөө тармагы үчүн өтө маанилүү деп белгиледи окумуштуу. Анын айтымында, студенттер менен изилдөө иштерин жүргүзүүчү биздин окутуучулар өз кесиптештери менен илимий ачылыштар боюнча маалымат алмашууларды жүргүзүп, илимий эксперименттерин Кемеров институтунда улантууга мүмкүндүк алышат.

Жыйынтыктап жатып, мындай деңгээлдеги жана көлөмдөгү окуялар эл аралык илимий коомчулукту жаңы билимдер менен байытып, аталган иш чөйрөсүнүн өткөндөгү салттарын эске салып, учурда бар эреже-тартиптерин көрсөтүп жана келечекте өнүгүү багытын белгилейт деди семинардын катышуучусу.

Жаңылыктар түрмөгү
0