ЖМК: МН-17 кыйраган күнү украиналык Су-25 ок-дарысыз кайтып келген

© Sputnik / Маша Росс / Медиабанкка өтүүМесто крушения малайзийского Boeing 777
Место крушения малайзийского Boeing 777 - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Боинг атып түшүрүлөрдөн бир саатча мурун чабуул коюучу үч аскер учагы абага көтөрүлгөн. Учактардын бири "аба — аба" ракеталары менен жабдылган болчу. Ал базага кайтып келгенде анда ракеталар жок болуп чыкты, ал эми учкуч абдан корккон абалда болчу деп жазышат ЖМКлар.

БИШКЕК, 24-дек — Sputnik. Донецктин жанында Малайзиянын Boeing учагы кыйраган күнү Украинанын абадан чабуул коюучу Су-25 учагы аэродромдон "аба – аба" ракеталары менен учуп чыгып, кайра ок-дарысыз кайтып келген, ал эми учкуч абдан корккон абалда болчу. Бул жөнүндө "Комсомольская правда" авиабазанын кызматкерине таянуу менен жазган жана ал адамды гезит "жашыруун күбө" деп атаган деп билдирет РИА Новости.

Гезиттин маектеши "Днепропетровск шаарында, Авиаторское айылчасында болчумун" деп айтып берген.

"Бул кадимки эле аэропорт. Ал жерде ошол мезгилде ок аткыч учактар менен вертолёттор жайгаштырылган болчу, — деген ал.

"Учактар үзгүлтүксүз учуп, бомба таштап, Су-25 учактары Донецкке, Луганскка бомбаларды ыргытып жаткан. Бул узакка созулду. Күндүн экинчи жарымында, Боинг атып түшүрүлөрдөн бир саатча мурун чабуул коюучу үч аскер учагы абага көтөрүлгөн. Саат канчада экени так эсимде жок. Учактардын бири ракеталар менен ("аба – аба") жабдылган эле. Ал Су-25 болчу", — деди гезиттин маектеши.

Ал ракеталарды "аба – жер" классындагылар менен чаташтырышы мүмкүн эместигин белгилеген.

"Жок, мен алмаштырып алышым мүмкүн эмес. Алар көлөмү, канаты, боёгу менен айырмаланып турат. Бутага мээлей турган учтары да башка болот. Таанып айырмалоо оңой эле", — деп кошумчалады учкуч.

"Ошентип, бир аз убакыттан кийин бир гана учак кайтып келди. Экөө атып түшүрүлгөн экен. Украинанын чыгыш жагында бир жерде болду деп айтышты мага. Учактардын эки ракета асып кеткени кайра келди. Бирок ракеталары жок эле. Учкуч абдан коркуп алыптыр болчу", — деп айтып берди гезиттин маектеши.

"Аны учактан алып түшүрүшкөндө, ал: "Башка учак экен" деген сөздү айтты. Кечинде учкучтардын бири ошол эле Волошинге: "Учакка эмне болду?" деген суроо берди. Тиги болсо: "Учак болбой турган убакта болбой турган жерде болуп калды…" деп жооп берди. Талкуулоого болгон бардык аракеттер ошол замат токтотулуп жатты. Анын үстүнө учкучтар көпчүлүгү ич ара сүйлөшүп жатышты, алар ушундай… намыскөй келишет", — деп билдирди учкуч гезитке.

Маектеш СУ-25тин капитаны Boeingди аскер учагы деп жаңылып калган болуш керек деген оюн билдирди. "Мүмкүн. Аралык чоң, ал жөн эле кайсы учак экенин так көрбөй калышы ыктымал болчу".

Андай ракеталар "өзүнүн эң жогорку көтөрүлүшү болгон 7 миң метр бийиктикте" да бутаны 3-5 чакырым аралыкта кармай алышат деп түшүндүрдү ал.

"Учак жөн эле тумшугун өйдө көтөрүп, анан ошол абалда бутаны кармап, ракетаны коё бере алат. Бул ракета 10 чакырымдан ашык аралыкка учат", — деп айтып берди учкуч газитке.

Анын айтымында, ракета корпуска тийиши мүмкүн.

"Бул жасалыш үлгүсүнө жараша болот. Корпуска 500 метр аралыктан да тийиши мүмкүн", — деди ал.

Ракетанын сыныктары учактын корпусуна топтошуп тийгенин комментарийлеп жатып, гезиттин маектеши: "Ушундай ракета да бар. Майдаланып кетүү принциби — ал жарылганда майда бөлүктөргө чачырап кетет. Андан кийин ракетанын ок-дарылуу негизги бөлүгү согот".

Malaysia Airlines авиакомпаниясынын Boeing-777 учагы 17-июлда Амстердамдан Куала-Лумпурга учуп бара жатып Украинанын Донецк шаарына жакын жерде кыйроого учураган. Анда 298 адам бар болчу, алардын 193 голландиялыктар эле. Учуп бара жаткандардын эч кимиси аман калган эмес. Киев бийлиги учактын кыйроосуна ыктыярчыларды айыптап, алар болсо аба кемесин мындай бийиктиктен атып түшүрүүгө мүмкүндүк берүүчү каражаттарынын жоктугун билдиришкен. Кырсыкты иликтөө боюнча алдын ала маалыматта учак "жогорку кубаттуулуктагы көп сандагы объекттердин сырттан көрсөткөн таасири астында келтирилген структуралык зыяндын себебинен абада кыйрап калган. Бирок ал объекттердин кайдан келип чыкканын аныктоо мүмкүн болгон жок" деп айтылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0