18:41 10 Бештин айы 2016
Түз эфир
Отработка действий на случай поступления больных, инфицированных Эболой

Гвинеяда, Либерияда жана Сьерра-Леонеде 7 миң 518 адам Эболанын курмандыгы болду

© Sputnik / Игорь Зарембо
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
7 0 0

Мурдараак Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Гвинеяда, Либерияда жана Сьерра-Леонеде 7 миң 373 адам каза болуп, 19 миң 31 адам ооруну жуктуруп алгандыгы жөнүндө билдирген.

БИШКЕК, 23-дек — Sputnik. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму жарыялаган маалыматка ылайык, Эбола геморрагиялык безгек оорусунан эң көп жабыр тарткан үч өлкөдө 7 миң 518 адам каза таап, дагы 19 миң 340 адам жугузуп алган деп билдирди дүйшөмбүдө РИА Новости.

Мурдараак Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Гвинеяда, Либерияда жана Сьерра-Леонеде 7 миң 373 адам каза болуп, 19 миң 31 адам ооруну жуктуруп алгандыгы жөнүндө билдирген. 

Жарыяланган статистикага ылайык, Либерияда баарынан көп адам каза болуп, алардын саны 3 миң 376га жеткен. Ал эми Сьерра-Леонеде Эбола оорусун эң көп — 8 миң 939 адам жугузуп алган. 

Ошондой эле Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Малиде Эбола оорусуна чалдыкты деп шектелген акыркы пациент коркунучтуу орууну жуктурбагандыгы ырасталгандан бери 16 күн өткөндүгүн белгилеген. Эгер 26 күн ичинде өлкөдө бир да Эбола оорусуна чалдыккан адам аныкталбаса, Малиде оорунун таралышы токтоду деп эсептесе болот.


Белгилер:
Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму, Сьерра-Леон, Либерия, Гвинея

ЭҢ МААНИЛҮҮ