18:46 10 Бештин айы 2016
Түз эфир
Пресс-конференция В.Путина и А.Меркель

Путиндин Украина боюнча айткан сөзүнө толук ишенүү керек деди Меркель

© Sputnik / Владимир Астапкович
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
4 0 0

Ангела Меркель Германиянын, Франциянын жана Украинанын башчыларынын ортосунда жакында болгон телефон аркылуу сүйлөшүүдө россиялык лидер өлкөнүн аймактык бүтүндүгүн жактай турганын баса белгилеген деп тактады.

БИШКЕК, 19-дек — Sputnik. Германиянын канцлери Ангела Меркель эгер президент Владимир Путин Украинанын аймактык бүтүндүгүн жактайм десе, анын сөзүнө ишенсе болот. Бул үчүн эч далилдин керекги жок деп билдирди деп кабарлайт РИА Новости.

Ал бул билдирүүнү Россиянын лидери Германиянын, Франциянын жана Украинанын башчыларынын ортосунда жакында болгон телефон аркылуу сүйлөшүүдө ("Нормандия форматы") жасагандыгын тактады. 

"Эгер ал (Россиянын президенти) Украинанын аймактык бүтүндүгүн жактайм деп жатса, демек биз анын сөзүнө ишенип жана мунун үстүндө иштешибиз керек ", — деди Меркель ЕБнын Брюсселде өткөн саммитинен кийин.

Украинадагы каатчылык: 2014-жылдын декабрындагы тирешүүчүлүктүн жүрүш ирети 

Өкмөткө каршы массалык акциялар Украинанын түштүк-чыгыш облустарында 2014-жылдын февралында башталган. Бул өлкөдө бийлик зомбулук жолу менен алмашылып, андан кийин орус тилине аймактык статусун ыйгарган мыйзамды алып салууга Жогорку Раданын жасаган аракетине жергиликтүү тургундардын кылган жообу болчу.


Тема боюнча

Меркелдин санкциялар жөнүндө билдирүүсү – жакшы белги
Белгилер:
Ангела Меркель, Владимир Путин, Германия, Брюссель, Франция, Украина, Россия

ЭҢ МААНИЛҮҮ