Геосаясий азап: Россия кыйраса, баарына жаман болот

© Sputnik / Александр Вильф / Медиабанкка өтүүГорода России. Москва
Города России. Москва - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Крымдын башынан кечиргени эң жаман окуя болду. Украинанын башынан кечиргени – чоң кайгы. Ал эми Россияда азыр болуп жаткандар – дүйнөлүк тартип үчүн коркунуч.

БИШКЕК, 18-дек — Sputnik. ИноСМИ сайты жарыялаган макалада Россияда жаңы дефолт болсо, дүйнөлүк экономикадагы абал кандай багытта өрчүп-өзгөрө тургандыгы жөнүндө ой жүгүртүүлөр камтылган. National interest журналынын пикири боюнча, азыр Батыш менен Россия үчүн тирешүүчүлүктү токтотууга жакшы мезгил болуп турат.

Рубль кескин түшүп жатат, ал эми Батыш Россиянын кыйынчылыктарын көрүп, аябай канааттанууда, ал турсун ырахатанып да жатат. Путиндин стратегиялык кеменгерлиги каардуу экономикалык чындыкка туруштук бере албай баратат: мына эми орустарды ордуна коё турган мезгил келди. Бүгүн Россия 1998-жылдагы дефолттон берки эң олуттуу каатчылыкка дуушар болууда. Бирок өзүбүздү өзүбүз жубатпай коё туралы: азыр бузукулук менен канааттана турган чак эмес. РФтин кыйрашы эч кимге жакшылык алып келбейт. 

Бүгүнкү Россия дүйнөлүк экономика менен байланышы аз баягы советтик бегемот эмес. Жана бул 1990-жылдардагыдай алсырап бараткан экономикага ээ, эптеп реформа жүргүзүүгө ийгиликсиз аракет жасап жаткан өлкө да эмес. Бул дүйнөлүк рынокко жакшы сүңгүп кире алган дүйнөнүн сегизинчи орундагы экономикасы. Эгер Россияда экономика төмөндөп, ал узакка созула турган болсо, анын жаман кесепеттери Россияга гана эмес, бүтүндөй дүйнөгө тиет. Биринчи кезекте Европа биримдиги турат, себеби анын экономикалык каатчылыктан эптеп өзүнө келип жаткан мамлекеттерин РФ менен болгон кенен соода катыштары гана колдоп турат. 

Украинадагы экономикалык кыйроо азыртан эле Европанын жүгүн оорлотууда. Россиянын экономикалык кыйроосуна салыштырганда Украинанын көйгөйлөрү арзыбас болуп көрүнөт. Биз башыбыздан кечирип жаткан глобалдуу тобокелчилик, өз ара тыгыз байланыш жана көз карандылык мезгилинде Россияны "жоготуп коюу" өзүн өзү бутка же башка аткан менен барабар. 

Бирок бизди баарынан тынчсыздандыра турган нерсе экономикалык азаптар эмес, анын саясий кесепеттери болушу керек. Батыштын оюнча азыркы кырдаал өзүнүн өзү Путиндин кулашына алып келет, жана бул мүмкүн төңкөрүштүн натыйжасында болот, анын ордун мурдагы каржы министри Алексей Кудрин, кызматынан бошотулган премьер Михаил Касьянов же, ал турсун, кудай бизге жол айтса, биздин либералдык сүймөнчүгүбүз Борис Немцов, жакында эле түрмөдөн чыккан олигарх Михаил Ходорковский же коррупцияга каршы күрөшүүчү Алексей Навальный сыяктуу ыңгайлуураак бирөө ээлейт.

Бирок ыгы жок кыялдарга берилген болбойт. Путинден кийин ким келбесин, андан да жаман болору турган иш. Анын ордун Украинанын чыгышында бийликти тартып алгандар сыяктуу ксенофобиялык маанайдагы улутчул бирөө келип ээлеши да мүмкүн. 1998-жылдагы каатчылык Путинди бийликтин туу чокусуна кандай алып келсе (орустар анда туруктуулук кайра орносо деген тилекте, катуу чаралардын көрүлүшүн жакташкан), азыркы экономикалык каатчылык ошондой эле "жаңы Путинди" алып келиши ыктымал, жана ал ырайымсыз репрессиялардын, ал тургай, чет мамлекеттердеги аскердик авантюралардын жардамы менен өлкөдө тартипти орнотушу толук мүмкүн. 

Эске ала турган нерсе, Россия көпчүлүк жеңил ойлук менен эсептегендей жөн гана мунайзаттуу мамлекет эмес. Анын колунда дүйнөдөгү эң күчтүү аскер бар экендигин жана ал зор ядролук куралга ээ экендигин ойдон чыгарбоо керек (бул тууралуу ар бирине анда-санда эске салып турган орундуу болот). Ошон үчүн дүйнөлүк коомчулук жеңил ойлуулук кылбаганы оң — Путинден да жаман бирөөнү өлкөнүн башына алып келе турган саясий башаламандык же мамлекеттик төңкөрүш жөнүндө жакшылап ойлонушу керек. 

Крымдын башынан кечиргени эң жаман окуя болду. Украинанын башынан кечиргени – чоң кайгы. Россияда азыр болуп жаткандар – дүйнөлүк тартип үчүн коркунуч. Ал эми буларга байланышкан коопчулуктар ушунча зор болгондуктан, РФтин экономикалык кыйроосу эл аралык коомчулукта жол бериле тургандын чегинен бир топ сырткары турат. 

Азыр Батыш менен Россия үчүн тирешүүчүлүктү токтотууга жакшы мезгил болуп турат. АКШ менен ЕБ өзүлөрүнүн узун тизмелүү жемелери менен айыптоолорун четке коюп, РФ менен рублду турукташтырууга жана инфляцияны ооздуктоого багытталган конструктивдүү сүйлөшүүлөрдү башташы керек. Башталыш чекити болот деп атай турган эң айкын чара — бул Россияга каршы киргизилген саясий жана экономикалык жактан зыяндуу санкцияларды алып салуу.

Өзүнө өзү маашыркангандык, жеңүүчүлүк маанай жана көкүрөк койгулап жакшысынуу тарыхтын бүгүнкүдөй өткөөл мезгилинде иштиктүү саясаттын ордун толтура албайт. Путинди "куткарып калуу" акылга сыйбас жана тетири саясий чечим болуп көрүнүшү ыктымал. Бирок кырдаалды толук көрө билиш керек. Мындай чараларды көрүп, чечимдерди кабыл алууга биринчи кезекте лидерлик жөндөм жана кыраакылык талап кылынат. Көп жагынан Батыш азыртан эле жеңишке жетти. Бирок эми ал бул утуш тарыхта Пиррдин жеңиши деп аталып калбагыдай иш-аракет кылышы керек. 

Жаңылыктар түрмөгү
0