Өткөн шайлоодон кийин Япониянын бардык кабинет мүчөлөрү өз орундарында калат

© Sputnik / Сергей Гунеев / Медиабанкка өтүүСаммит форума "Азия- Европа"
Саммит форума Азия- Европа - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дүйшөмбүдө учурда иштеп аткан премьер-министр Синдзо Абэ өз партиясынын шайлоодогу жеңишинин жыйынтыгынан кийин азыркы кабинет мүчөлөрүн толугу менен өз ордунда калтырар ниетин билдирди. Өкмөт курамы 24-декабрда жарыяланары күтүлүүдө.

БИШКЕК, 15-дек — Sputnik. Япониянын премьер-министри Синдзо Абэ 24-декабрда жаңы өкмөттү түзүүдө өз кабинетинин бардык мүчөлөрүн орундарында калтырууга ниеттенип жатат деп билдирди РИА Новости.

Япония парламентинин кезексиз сессиясы 24-декабрга белгиленди. Жекшембиде аталган парламенттин төмөнкү палатасынын депутаттарын шайлоо болгон. Парламент өз курамынын ичинен өлкөнүн премьер-министрин шайлайт. Бул орунду шайлоодо жеңип чыккан Либералдык-демократия партиясынын лидери Абэ сактап калат. ЛДП 475 депутаттык мандаттын ичинен 291 мандатты өзүнө калтырды.

Дүйшөмбүдө учурдагы премьер-министр Синдзо Абэ өз партиясынын шайлоодогу жеңишинен кийин азыркы кабинет мүчөлөрүн толугу менен өз ордунда калтырары жөнүндө ниетин билдирди. Өкмөт курамы 24-декабрда жарыяланары күтүлүүдө.

Жекшембидеги шайлоо мөөнөтүнөн мурда өттү. Өзүнүн экономикалык жана финансы саясатын ишке ашырууга шайлоочулардан ишеним мандатын алуу үчүн Абэ өкүлдөр палатасын таркатып, жаңы шайлоо өткөрүүнү чечкен.

Шайлоодогу жеңиш Либералдык-демократия партиясына бийликте туруу мөөнөтүн дагы төрт жылга узартып, азыркы экономикалык багытты өнүктүрүүнү улантууга мүмкүнчүлүк берет. Атап айтканда, Абэ 2017-жылдын апрелиндеги керектелчү салык өлкөнүн экономикалык абалы кандай болбосун 10 пайызга өсөрүн убада кылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0