Медведев Facebookтан россиялыктарды Конституция күнү менен куттуктады

© Sputnik / Дмитрий Астахов / Медиабанкка өтүүД.Медведев проводит совещание с вице-премьерами РФ
Д.Медведев проводит совещание с вице-премьерами РФ - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жума күнү Россияда Конституция күнү белгиленүүдө. Бул күнү 1933-жылы жалпы элдик добуш берүү менен өлкөнүн башкы документи кабыл алынган.

БИШКЕК, 12-дек — Sputnik. РФ министрлер кабинетинин башчысы Дмитрий Медведев социалдык түйүн аркылуу россиялыктарды Конституция күнү менен куттуктады деп билдирет РИА Новости.

"Конституция — биздин өлкөнүн жашоосуна негиз болуп эсептелген Баш мыйзам. Бул документте Россия мамлекеттүүлүгүнүн жана эгемендигинин принциптери түптөлүп, адамдын айрып алгыс укуктары менен эркиндиктери бекитилген. Конституция күнү менен!" — деп жазат ал өзүнүн Facebookтагы баракчасында.

Жума күнү Россияда Конституция күнү белгиленүүдө. Бул күнү 1933-жылы жалпы элдик добуш берүү менен өлкөнүн башкы документи кабыл алынган.

РФ президенти Борис Ельциндин 1994-жылы 19-сентябрдагы жарлыгы менен бул күн мамлекеттик майрам деп жарыяланган.

Жаңылыктар түрмөгү
0