ИИМ: УКТнын мүчөсү Анапияевдин Араб Эмираттарында кармалганы тактала элек

Жазылуу
Укук коргоо органдары Анапияевдин Араб Эмираттарында кармалганын тастыктаган жок.

БИШКЕК, 12-дек — Sputnik. Уюшкан кылмыштуу топтун (УКТ) мүчөсү Алманбет Анапияевдин Бириккен Араб Эмираттарында кармалганы азырынча тактала электигин Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Министрликтин басма сөз катчысы Бакыт Сейитовдун айтымында, буга чейин бир катар ЖМКларда Анапияевдин Ара Эмираттарында кармалганы боюнча маалыматтар чыккан.

"Учурда Анапияевди кармоо боюнча Бириккен Араб Эмираттарына эки сурам жиберилген, бирок маалымат тастыктала элек. Жакында эле Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмираттары кылмышкерлерди бири-бирине өткөрүп берүү жана кылмыш ишин иликтөөгө жардамдашуужөнүндөгү келишимге кол койду. Бирок, бул макулдашуу боюнча иштеше элекпиз", — деди ИИМдин басма сөз катчысы.

Архив: кишен - Sputnik Кыргызстан
ИИМ: Оштун экс-мэри Мелисбек Мырзакматов жакын арада кармалат
2011-жылы Анапияевге Кылмыш жаза кодексинин "Тоноочулук", "Адам уурдоо" жана "Мыйзамсыз эркинен ажыратуу" беренелери боюнча сыртынын кылмыш иши козголгон. Бишкек шаардык Биринчи Май райондук соту аны камакка алуу өкүмүн чыгарып, ага издөө жарыяланган.

Жаңылыктар түрмөгү
0