21:38 03 Бештин айы 2016
Түз эфир
Полиция Филиппин

Филиппиндин түштүгүндөгү терактыдан 11 адам курман болду

© Фото / Sheryl Cababa
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
22 0 0

Филиппинде болгон жардыруунун курмандыктарынын саны 11ге жетти, 21 адам жарадар болду.

БИШКЕК, 10-дек — Sputnik. Кечээ филиппиндик Минданао аралындагы Марамаге шаарында болгон жардыруунун курмандыктарынын саны 11ге жетти, 21 адам жараат алды. Мурдараак 9 адамдын каза  болуп, 17 адам жарадар болгондугу кабарланган болчу, деп билдирет РИА Новости.

Шаардык автобустун жүк салуучу бөлүгүндө катылып коюлган жардыруучу механизм унаа Минданао университетинин маңдайына токтоп, үйүнө кетип бараткан студенттер ага түшкөн мезгилде иштетилген, деп билдирди шаршембиде маалыматтык интернет-портал GMA News.

Жергиликтүү полициянын расмий өкүлү Жизель Лонгакиттин сөзүнө караганда, азыркы тапта анын кесиптештери теракт кандай максатта жасалгандыгын териштирүүдө. Азырынча бул теракт үчүн эч ким жоопкерчиликти мойнуна ала элек. 

Ноябрь айынын ортосунда Минданодогу Түндүк Котабато провинциясындагы мектептин алдында колго жасалган жардыруучу механизмди иштетүүдөн бир филиппиндик студент курман болуп, анын 17 курдашы ар кандай жарааттарды алышкан. Кийинчерээк аскер адамдары ошол эле жерден үч жардыруучу механизмди таап, зыянсыздандырган. Ал эми октябрдын башында Котабато провинциясындагы Пиките шаарынын чиркөөсүн гранатомет менен аткылоодон эки аял каза болуп, дагы үч адам жарадар болгон. 

Бийликтин пикиринде, бул эки теракт "Бангсаморо ислам боштондугунун жоокерлери" кыймылынын согушчандары тарабынан жасалган (BIFF).


Белгилер:
Минданао, Филиппин

ЭҢ МААНИЛҮҮ