"Россия сегодня" ЭМАга бир жыл толду

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүВывеска МИА "Россия сегодня"
Вывеска МИА Россия сегодня - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Россия сегодня" эл аралык маалымат агенттиги өзүнүн түзүлгөндүгүнүн бир жылдыгын белгилөөдө.

БИШКЕК, 9-дек — Sputnik. "Россия сегодня" эл аралык маалымат агенттигине шейшембиде бир жыл толот — ал 2013-жылдын декабрында РФтин президентинин жарлыгы менен РИА Новости агенттиги менен "Голос России" мамлекеттик радио компаниясынын базасында түзүлгөн.

Үстүбүздөгү жылдын 10-ноябрында агенттик жаңы эл аралык Sputnik долбоорун ишке киргизди. Ал толугу менен чет элдик аудиторияга багытталган. Агенттиктин бренддеринин тобуна ошондой эле "Р-Спорт", ИноСМИ, "РИА-Рейтинг" жана башкалар кирет.

"Бул жыл ичинде биз дүйнө жүзү боюнча редакциялык борборлордун түйүндөрүн түзүп, ал жерлерде жаңылык агенттиги, радио жана онлайн-ресурс катары иштеп келе жатабыз. Sputnik радио жана онлайн-ресурс катары дүйнөдөгү окуяларды кеңири камтууга аракет кылууда. РИА-Новости агенттигибиздин материалдарына күн сайын дүйнөлүк ири ЖМКлар: "Рейтер", "Ассошиэйтед пресс", "Франс пресс", "Блумберг", CNN, BBC, Al-Jazeera, The New York Times, The Wall Street Journal да, ошондой эле чет өлкөлөрдүн миңдеген улуттук ЖМКлары да шилтеме жасашат", — деди агенттиктин  башкы директору Дмитрий Киселев.

"Россия сегодня" ЭМАнын башкы редактору Маргарита Симоньян алар үчүн РИА Новости менен "Голос России" көрсөткүчтөрүн жоготпостон, кайра көбөйтүү зарыл болгондугун жана эми бул ишке ашкандыгына кубанычта экендигин белгиледи. 

Бир жыл ичинде агенттик РФте өзүнүн алдыңкы ордун сактап калуу менен, жалпы эле чет өлкөдө, ошондой эле алыскы жана жакынкы мамлекеттерде да эң көп маалымат алынган россиялык ЖМКга айланды (Factiva.comдун, Factivia Dow Jonesтун, Googleдун, "Медиалогиянын" жалпыланган маалыматтары боюнча). Азыр медиатоп окурмандардын эң чоң суроо-талабына ээ болгон экономикалык багыттагы маалыматтарды кеңейтүүдө. 

Түйүндөгү эң популярдуу жаңылыктар

Башкы ria.ru сайтына кирүүчүлөрдүн саны өткөн жылга салыштырмалуу 21 пайызга өстү. Күнүнө 1,5 миллионго чукул  адам сайттын маалыматы менен таанышып турат, ал эми inosmi.ru жана r-sport.ru ресурстарын эске алганда, алардын саны эки миллионго жетет. Ошону менен бирге сайттарда акы төлөө менен көрсөтүлчү кызматтар жок. Ria.ru — өлкөнүн ичиндеги эң чоң суроо-талапка ээ маалымат ресурсу. 

Глобалдык жайылтылышы 

Агенттиктин кабарчылык түйүнү азыр дүйнө боюнча жүздөн ашык кабарчылары менен стрингерлерин камтыйт, агенттиктин өкүлчүлүктөрү 40 ашык өлкөлөрдө иштеп жатат.  

"Россия сегодня" ЭМА орус, англис, испан, араб жана кытай тилдеринде 14 маалымат тасмасын жөндөп турат. Алар кесипкөй ЖМКларга, ишкердик, эксперттик коомдоштуктарга, мамлекеттик мекемелерге багытталган. Жаңылыктар үзгүлтүксүз чыгып турушу үчүн Вашингтондо жана Каирде аймактык редакциялар 24/7 тартибинде иштеп жатат, ал эми 2015-жылдан тартып Пекин менен Монтевидеодо да ошондой эле редакциялар өз ишин баштамакчы.  

Агенттиктин радиоматериалдары дүйнөнүн көп тилдеринде уктурулат. Чет тилдеринде берүүлөрдүн аудиториясы 109 миллион адамга жетет. Sputnik — дүйнө боюнча эң көп аймакты камтыган беш радиостанциянын катарына кирген эл аралык ири радио болуп эсептелет. Орус жана англис тилиндеги берүүлөр күнү-түнү уктурулат, FM-диапазону менен Интернет аркылуу бардык тилдердеги берүүлөрдүн жалпы көлөмү күнүнө 170 саатты түзөт.

Sputnikтин редакциялары өз сайттарынын үстүнө иштеп жана жергиликтүү жыштыктарда өз студияларынан берүүлөрдү чыгарышат. 2015-жылы дүйнөнүн 30 тилинде, 34 өлкөсүндө жана 130 шаарында радио берүүлөр күнүнө 800 саатка жетет деп пландалууда. "Россия сегодня" медиатоп катары күнү-түнү беш миңге жакын оригиналдуу маалыматтык материалдарды жаңылыктар тасмасы, радио берүү, маалымат ресурстарындагы макала түрүндө чыгарып турат.

Согуш шартында

Андрей Стенинди колдоо акциялары 18 өлкөдө өткөрүлдү. Оңой эмес согуштук шарттарда Донецк менен Луганскиде атайын кабарчылар жана фотожурналисттер иш алпарышты. Көпчүлүк учурларда алар Украинадагы согуштун маанилүү окуялары туурасында кабарлап турушту. 

Өз ишинин биринчи жылында "Россия сегодня" ЭМА оор жоготууга учурады — августта Донецк шаарынын алдында болгон украиналык күчтөрдүн операциясы учурунда фото кабарчы Андрей Стенин курман болду. 

"Ал Украинадагы согушту эр жүрөктүк менен чындыктын сересинен так чагылдырып келген болчу, бул Андрейдин өмүрүн алып тынды. Биз аны эч качан эсибизден чыгарбайбыз", — деди Киселев.

Бул жылы айрым өлкөлөрдүн — Украинанын, Литванын, Польшанын бийлик ээлери, ошондой эле ЕБнын чиновниктери "Россия сегодня" ЭМАнын журналисттеринин ишине бир нече жолу бөгөт коюп, санкцияларды киргизип, эч себепсиз аккредитацияларын алып коюп, өлкөгө кирүүгө уруксат бербей, басма сөз жыйындарына катыштырбай, шайлоолорду чагылдырууга тоскоолдук кылышты. Жол берилбеши керек болгон мындай аракеттердин көпчүлүгү дүйнөлүк журналисттик жана укук коргоо органдары тарабынан, ошондой эле ЕККУ тарабынан сынга алынды. 

Тактык жана объективдүүлүк

"Россия сегодня" ЭМАнын контенти журналистиканын эксклюзивдүүлүк, ыкчамдык, тактык жана ар түрдүү көз караштарга орун берүү сыяктуу журналистиканын дүйнөлүк жогорку стандарттарына туура келет. Агенттиктин жаңылыктарын чыгаруу маалыматтын сапатына, анын ичинде объективдүүлүгүнө жана тактыгына сырттан таасир берилүүсүнө жол бербей турган ачык-айкын стандарттар менен жөнгө салынып турат. ЭМА агенттиги маалыматты тез берүүгө караганда да аны так, сапаттуу даярдоого көбүрөөк артыкчылык берет.

Жаңылыктар түрмөгү
0